Акыркы коңгуроо мектептерде 29-майда жаңырат

© Sputnik / Юрий Стрелец / Медиабанкка өтүүБиринчи класстын окуучусу. Архив
Биринчи класстын окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы коңгуроонун күнү кышкы каникулдардын созулуп кетишинен улам жылдырылды.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Республиканын мектептеринде акыркы коңгуроо 29-майда болот деп билдирди билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева.

Анын айтымында, акыркы коңгуроонун күнү кышкы каникулдун узарып кетишинен улам жылдырылды. 

"Эгерде эсиңиздерде болсо, билим берүү мекемелерине жылуулук берүү маселесинен улам каникул узартылган", — деди министр. 

Сариеважайкы каникулдун мөөнөтүн кыскартпоо үчүн Билим берүү министрлиги  сабактарды кылдаттык менен батырып чыккандыгын айтты.  

Министрлик тарабынан бүтүрүүчүлөр кечесинин  шаан-шөкөт менен кафе, ресторандарда белгиленишине тыюу салгандыгын кошумчалады ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0