Маматалиев: өкмөт өлкөнүн түштүгүндөгү тартипти камсыз кылууну улантат

Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда коомдук жайларга өз коопсуздугу үчүн барбоого жергиликтүү элди чакырган маалыматтар тараган. Анда экстремисттик аракеттердин күч алгандыгы айтылган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Өкмөт өлкөнүн түштүгүндөгү тартипти камсыз кылууну уланта турганын коопсуздук, укук тартиби жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда коомдук жайларга өз коопсуздугу үчүн барбоого жергиликтүү элди чакырган маалыматтар тараган. Анда экстремисттик аракеттердин күч алгандыгы айтылган эле.

Жергиликтүү милиция Ошто абал тынч экендигин, майрам алдында ар кыл сөздөр чыга берерин айтты
Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда, анын ичинде WhatsApp аркылуу экстремисттер акцияларды даярдап жатат деп тараган маалыматтар чындыкка коошпой турганын билдирген.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, дүйшөмбү күнү вице-премьер-министр Ош облусунун күч түзүмдөрүн кыдырган. 12-13-май күндөрү Маматалиевдин Баткен облусуна барып, облустагы күч түзүмдөрүн да кыдыра турганы пландалууда. 

Маматалиев Ош облусуна болгон иш сапары учурунда ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын, ӨКМдин жана УКМКнын аталган аймактагы башкы башкармалыгынын ишмердиги менен таанышат.

"Аталган иш чаранын максаты – өлкөнүн түштүгүндөгү туруктуулукту сактоо маселелерин талкуулоо жана күч түзүмдөрүнүн иштерин жакшыртуу", — деп айтылат өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Жолугушуу учурунда Маматалиев өкмөт түштүк аймактагы туруктуулукту жана тартипти камсыз кылуу үчүн иштерин уланта турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0