Ошто Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдап жатышат

© Фото / пресс-служба мэрии г. ОшОшто Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдап жатышат
Ошто Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдап жатышат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын жашоочулары жана коноктору Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын салтанаттуу белгилеп, андан сырткары спорттук мелдештер уюштурулуп жатат.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата, ардагерлер аскердик техникалардын коштоосунда параддан өттү. Андан соң, курман болгондорду эскерүү үчүн "Түбөлүк от" мемориалдык комплексине гүлчамбарларды коюшту. 

Ош шаарындагы ардагерлерге мэр Кадырбаев 70 миң сомдон каражат тапшырды
Парадга Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, КРнын өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков,  Россиянын жана Кытайдын Ош шаарындагы консудары, ЖК депутаттары, согуштун жана ооруктун ардагерлери, шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн, шаар мэри Кадырбаевдин куттуктоосунан кийин чоң программадагы театралдаштырылган майрамдык салтанат башталды. 1941-1945-жылдардагы кыргызстандыктардын кайратмандагы, эрдиктери артисттердин жардамы менен көрсөтүлдү. Салтанатты жалпы аскердик техникалардын, аскердик үйлөмө оркестрдин аткаруусундагы маршы менен улантты.  Соңунда шаардын жана облустун жетекчилери ардагерлер менен бирге Токтогул сейил багына барып, ал аскер болукторунун талаа ашканасы тарабынан даярдалган "Солдат кашасы" берилип,  согуш темасындагы концерт тартууланды.

Мындан сырткары 9-май күнү Ош шаарынын сейил  театралдык жайлардын жана өздүк көркөм чыгармачылык жааматтарынын концерттери уюштурулмакчы. Навои атындагы сейил бакта Тогуз коргоол, ордо, жана шахматтык турнир боюнча мелдештер өткөрүлөт.

 

 


Жаңылыктар түрмөгү
0