Ош шаарындагы ардагерлерге мэр Кадырбаев 70 миң сомдон каражат тапшырды

© Фото / пресс-служба мэрии г. ОшОш шаарындагы ардагерлерге мэр Кадырбаев 70 миң сомдон каражат тапшырды
Ош шаарындагы ардагерлерге мэр Кадырбаев 70 миң сомдон каражат тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы Ош шаарында согуш ардагерлерине мэриядан атайын акчалай сыйлыктарды берүү менен башталды.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү салтанатынын башында 26 ардагерге 70 миң сомдон тапшырды. 

Мэр Кадырбаев каражатты тапшырып жатып, фашисттик баскынчыларды жеңүүдөгү согуштун катышуучуларынын эрдигин баса белгиледи. 

"Тарыхтын кан күйгөн барагына үңүлсөк, Ош шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка 14 миң 231 жоокер аттанса, анын 3118и кайтпай калган. Бул каардуу согуштан кесепети тийбеген бир да үй-бүлө болбогондугу кейиштүү", — деди Кадырбаев. 

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы ардагерлерге тапшырылган каражат мэриянын демилгеси менен шаардагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин бир күндүк айлык акысын ардагерлерге которуу демилгесинен кийин чогулгандыгын билдирди. 

Учурда Ош шаарында Учурда Ош шаарында согуштун 26 жана ооруктун 54 ардагери жашап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0