Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Кыргызстандыктарды Жеңиш Майрамынын 70 жылдыгы менен куттуктап, согуш ардагерлерин, тылдын кайратмандарын элдин эркин жашоосуна, жакшы турмушка жол ачкандыгын айтты.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. КРдин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Алмазбек Атамбаев жоокерлерди, генаралдарды, офицерлерди, сержанттарды, жалпы кыргызстандыктарды Жеңиш Майрамынын 70 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы аксакалдарга алардын эрдигиин аркасы менен биз ачык асман алдында, бейпил заманда жашап жатканыбызга 70 жыл болгондугун, алардын кан майданда өлүмгө тик карап, Жеңиш менен кайтканын, оорукта күн-түн дебей эмгектендигин белгиледи.

"Дүйнөлүк тарыхтагы эң катаал согушта адамзатты фашизмдей кара тумоодон сактап калдыңыздар. Бизге жашоодогу эң баалуу белекти – бейпилдикте жашап, балдарды өстүрүү бактысын тартууладыңыздар. Эркин жашоого, жакшы турмушка жол ачтыңыздар. Кан жыттанган каардуу согуштан улам алыстаган сайын Улуу Жеңиштин мааниси бийиктеп даана көрүнүүдө. Чындыгында эле бул Улуу Жеңиш! Жакшылыктын — жамандыкты, жарыкчылыктын — караңгылыкты Жеңиши! Тынчтыктын жана бейпилдиктин салтанаты! Миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү, каны менен келген Улуу Жеңиш!", — деп айтылат Атамбаевдин куттуктоосунда.

Ал эми Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн жоокерлерине ар дайым элибизди, мамлекетибизди, улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогонго даяр болуусун айтты. 

"Кылымдарды карыткан кыргыз эли эзелтен жоокерчиликти, намысты туу туткан. Тизелеп жашагандан, тикесинен тик туруп өлгөндү артык көргөн. Силер ошол байыркы бабаларыбыздын улуу салттарын татыктуу улантуучу жоокерлерсиңер. Ар дайым элибизди, мамлекетибизди, улуттук кызыкчылыктарыбызды коргогонго даяр болгула. Кыргызстандын келечеги кең. Элибиздин жакшы турмушка, адилеттүү мамлекет курууга умтулуусун эч бир күч майтара албайт", — деп айтылат куттуктоодо. 

Мамлекет башчысы Эгемен Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн каарман жоокерлери жеңишчил, жаратман муундун салттарын татыктуу улантып тынчтыктын, коопсуздуктун сакчылыгында бекем турасыңар деп ишенээрин билдирген.

 

 


Жаңылыктар түрмөгү
0