ӨКМ 9-майда нөшөрлөгөн жамгыр болорун эскертти

Жазылуу
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-10-майда аба ырайынын кескин өзгөрүп, жамгыр жаай тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстан 9-май Жеңиш майрамын жамгыр менен тосо турган болуп калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 9-10-майда аба ырайы бузулуп, жамгыр болорун билдирди.

"9-10-майда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачындын арбын болуусу күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет",— деп билдирди аталган министрликтин маалымат кызматы.

Улуу Жеңиштин урматына болчу парад "Ала-Тоо" аянтында өтөт
Бишкек шаарында + 21…+ 22°, ал эми Ош шаарында +22…+26° жылуу болорун pogoda.kg сайты маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында +12…+22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +20…+25°, тоо этектеринде +10…+15° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…+5° жылуу болушу күтүлөөрүн билдирди.

9-майда Кыргызстандын бардык шаарларында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өтөт. Бишкек шаарында борбордук "Ала-Тоо" аянтында аскердик парад өтүп, аны театрлаштырылган оюн-зоок улантат.

LIVE: Жаштардын "Мен чоң атам менен сыймыктанам" жүрүшү >>>

 

 

 

 


Жаңылыктар түрмөгү
0