Хабаровск шаарындагы кыргыздар өчпөс отту ачуу салтанатына катышты

© Фото / Консульство Кыргызстана на Дальнем ВостокеКыргызские граждане приняли участие на торжественном открытии вечного огня в городе Хабаровск
Кыргызские граждане приняли участие на торжественном открытии вечного огня в городе Хабаровск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жерде Москвадагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнөн атайын алынып келинген от жагылды.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Хабаровск шаарындагы кыргыздар Жеңиш күнүнө карата оңдолуп жаңыдан курулган Өчпөс оттун ачылыш аземине катышканын Ыраакы Чыгыштагы Кыргызстандын консулдугу кабарлады.

Бир катар мамлекеттердин элчиликтери Казакстандагы ардагерлерди куттуктады
Оңдолгон өчпөс отко Москвадагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнөн атайын алынып келинген от жагылды. Иш чарага Кыргызстандын өкүлдөрүн Хабаровск аймагынын өкмөтү чакырган. Ыраакы Чыгыштагы Кыргызстандын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаев баштаган кыргызстандыктар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерди эскерип, гүл коюшкан. 

Мындан сырткары 11-майда Кыргызстандын консулдугунун демилгеси менен Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган волейбол боюнча турнир өтөт. Ага Хабаровск шаарында жашаган түрдүү улуттардын өкүлдөрү – Түндүк Корея, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Белоруссия, Орусия жана Кыргызстандык оюнчулар катышат. 

Спорттук мелдеште кыргыздардын улуттук тамак-аштары спортчуларга жана күйөрмандарга тартууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0