Чек ара кызматынын 240 аскери мекенге кызмат өтөө үчүн ант берди

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын жоокерлери. Архив
Улуттук гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ант берген жаш аскерлер аскердик мөөнөтүн өлкөнүн түндүк аймактарындагы чек ара тозотторунда өтөйт.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Чек ара кызматынын 240 аскери мекенге кызмат өтөө үчүн ант бергенин Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Үч жүздөн ашуун жаш чек арачылар ант беришти
Аскерге жаңы чакырылгандар жума күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын борбордук аянтында ант беришти.

Ант берүүгө чейин алар аскердик курстардан өтүп, алар мамлекеттик чек араны коргоо боюнча теориялык билимдерди алышкан. 

Ант берүү салтанатына КР Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Таалайбек Усубалиев, ардагерлер катышты.

Ант берген жаш аскерлер аскердик мөөнөтүн өлкөнүн түндүк аймактарындагы чек ара тозотторунда өтөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0