Социалдык тармакта "Унутулган кол жазма" эстафетасы кызуу жүрүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциалдык тармакта "Унутулган кол жазма" эстафетасы жүрүүдө. Архив
Социалдык тармакта Унутулган кол жазма эстафетасы жүрүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстафета алган киши ак баракка өзү жакшы көргөн кыргызча үч сөз жазып, аны сүрөткө тартып фейсбукка жайгаштыруу керек. Андан соң кезекти үч адамга узатуу кажет.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Фейсбук социалдык тармагында "Унутулган кол жазма" эстафетасы кызуу жүрүүдө. Эстафета унутулуп бараткан кол жазманы эске салууну жана ким кандай жазат, кимдин колу сулуу деген суроолорго жооп издейт.

КР журналисттери Sputnik сайтынын социалдык эстафетасына активдүү катышууда
Эстафета алган киши ак баракка өзү жакшы көргөн кыргызча үч сөз жазып, аны сүрөткө тартып фейсбукка жайгаштыруусу керек. Андан соң кезекти үч адамга узатуу кажет.

Бул эстафетага Кыргызстандагы журналисттер, коомдук ишмерлер, депутаттар жана студенттер катышып жатат.

Өз кол жазмалары кандай экенин КРдин мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов, КТРКнын директору Илим Карыпбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жана президенттин маалымат катчысы Жанар Акаевдер көпчүлүктүн назарына койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0