Тосордо Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калган 115 каарманга эстелик орнотулат

Жазылуу
Ысык-Көл аймагындагы айылдардын бирине согуштун каармандарынын жана Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Мукаш Салакуновдун эрдигин урматтап, айкел орнотулат.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Тосор айылында жума күнү согуш майданына аттанып, мекенине кайтпай калган 115 каармандын урматына эстелик орнотуларын "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматынан билдиршти.

Волоколамск шаарында Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги ачылды
Ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Мукаш Салакуновдун Кызыл Аскерге чакырылган жерге баатырдын айкелин орнотуу да жердешибиздин эрдигине көрсөткөн урмат болорун ассоциациядан белгилешти.

Иш-чараларга айыл тургундары, айыл өкмөттүн өкүлдөрү катышмакчы. Бул салтанаттарды "Тосор" коомдук бирикмеси жана айыл өкмөтү уюштурууда.

Салакуновдун ысымы Днепропетровск шаарынын (Украина) көчөлөрүнүн бирине, ошондой эле № 52 мектебине ыйгарылган. Днепропетровск аймагын фашисттерден бошотууга арналган музейде болсо баатырдын ок тийип тешилген комсомолдук билети сакталып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0