Ардагердин уулу: атам Берлиндин ачка тургундарын баккан

© Sputnik / Олег Кнорринг / Медиабанкка өтүүУлуу Ата Мекендик согуш убагындагы Берлин шаары. Архив
Улуу Ата Мекендик согуш убагындагы Берлин шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фашисттерди жеңгенден кийин Мамырбай Мамбеталиев көпчүлүк менен катар дароо мекенине кайткан жок, аны Маньчжурия операциясына катышууга жөнөтүшкөн. 1945-жылдын күзүндө Япониянын капитуляциясы жарыялангандан кийин гана Ыраакы Чыгыштан кайтып келген дейт анын уулу.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согушта жеңиштин 70 жылдыгына карата Sputnik агенттиги согуштун катышуучуларынын балдарынын өз аталары тууралуу эскерүүлөрү жөнүндө макалаларды тартуулайт. 

Кыргыз эл Баатыры Сооронбай Жусуев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай акындын жааган октун алдындагы өмүрү
Асанбек Мамырбаев атасы Берлиндин ачка кары-картаңдарын жана балдарын эт менен бакканын айтып берди. 

Анын айтымында, атасы Мамырбай Мамбеталиев 1900-жылы Чүй областынын Москва районуна караштуу Кызыл-Дыйкан айылында туулган.

Жалпы элдик мобилизация башталганда 1941-жылдын сентябрында Петров райондук аскер комиссариаты тарабынан Кызыл Аскерлердин катарына чакырылып, азыркы Панфилов районунун аймагында даярдыктан өтөт. 

"Ошол жерден аларды түз эле фронтко жөнөтүшөт. Кайсы фронтто, кайсы бөлүктө кызмат өтөгөнү бизге белгисиз, болгону, ал жөө аскерлердин катарында согушканын билебиз", — дейт Мамырбаев. 

Ал согушка кеткенде, мен энемдин курсагында калыптырмын дейт ал. Атасы болсо уулдуу болгонун эки-үч жыл бою билбептир. Биздин жоокерлер чабуулга өтүп, Европанын жеринде согушуп жатканда гана атасы дагы бир балалуу болгону жөнүндө кабар алат. 

"Мен 1941-жылдын декабрында төрөлгөм, атам балдарын ушунчалык көргүсү келген үчүн үйгө аман кайтайын деп мурдагыдагыдан да жооптуу болуп калганын көп жазыптыр", — деп эскерет атасынын сөздөрүн Мамырбаев.

Атасы биринчи жолу 1943-жылы Курскта согушуп жатып сол колуна жарадар болгон экен. Дагы бомбанын түшкөн оюк жеринде тирүү бакаларды көрүп таң калганын да көп эскерчү экен согуштун катышучусу. 

"Бомба ташталып жатканда мурда түшкөн бомбалардан пайда болгон чуңкурларга жашынууну үйрөтүшчү экен. Себеби бомба бир жерге экинчи жолу түшүүсү дээрлик мүмкүн эмес. Ал жарадар болуп, ошондой чуңкурлардын бирине кулап түшөт. Караса, ал жерде тирүү бакалар отурат", — деп атасынын айткандарын эскерет Мамырбаев.

Жеңишти Рейхстагдан тоскон Тенти аксакал жана "Гестапонун үйүндөгү" глобус
Кансырагандан атам эсин бир нече саатка жоготуп коёт дейт Мамырбаев. Ызы-чуудан кайра өзүнө келген жоокер жарадарларды чогултуп жүргөн санитарларды байкап калып, күчүнүн бардыгынча кыйкырып жардамга чакырат. Эки ай госпиталда жаткандан соң атасы кайра фашисттерди жок кылуу үчүн фронтко суранат. 

Атасы Берлинде ачка жана алсыраган тургундарды бакканын көп эскерчү экен. Совет жоокерлери Берлинге жакындаганда катуу чабуулга өтүп, оорук артта калып жаткандыктан, жоокерлер көп учурда ачка жүрүшчү экен. 

Берлиндин чет-жакасында алар адашып кеткен семиз бир уйду таап алышып, командир ким мал сойгонду билет деп сурайт. Атасы жана дагы эки кыргызстандык биз билебиз дейт.

"Чоң казанга эт бышырдык. Анын жыты айланага тез эле тарады. Кыйрандылардын арасынан ал жытка немистин кары-картаңдары менен балдары чыга баштады", — деген атасынын сөздөрүн кайталады Мамырбаев. 

Атасынын айтымында, жоокерлердин арасында жек көрүүдөн карапайым немистерди өлтүргүлөрү келгендер да болгон. Бирок командирлер адамкерчилик ой менен карапайым тургундарга тийбөө жана жеңүүчү болгон соң, аларга ар тараптан жардам көрсөтүү буйругу берилген болчу. 

"Колдоруна кичинекей идиштерин кармап алып, алар тамак сурашты. Биз өз жоокерлерибизге карабай, Берлиндин тургундарына тамак берүүгө аргасыз болгонбуз", — дечү Мамырбаевдин атасы. 

Фашисттерди жеңгенден кийин Мамырбай Мамбеталиев көпчүлүк менен катар дароо мекенине кайткан жок, аны Маньчжурия операциясына катышууга жөнөтүшкөн. 1945-жылдын күзүндө Япониянын капитуляциясы жарыялангандан кийин гана Ыраакы Чыгыштан кайтып келген дейт анын уулу.

"Биздин айылдан Берлинге атам жалгыз жеткен. Мен кичине болчумун. Ал эки чемодан олжо менен келгени эле эсимде калыптыр", — деп эскерет Мамырбаев. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМамырбай Мамбеталиев
1/3
Мамырбай Мамбеталиев
© Фото / Аскар МамырбаевМамбеталиевдин балдары менен неберелери "Белгисиз солдат" эстелигинин жанында
2/3
Мамбеталиевдин балдары менен неберелери "Белгисиз солдат" эстелигинин жанында
© Фото / Аскар МамырбаевМаршал Жуковдун монументинин алдында
3/3
Маршал Жуковдун монументинин алдында
1/3
Мамырбай Мамбеталиев
2/3
Мамбеталиевдин балдары менен неберелери "Белгисиз солдат" эстелигинин жанында
3/3
Маршал Жуковдун монументинин алдында

Атасынын каармандык сыйлыктары, тилекке каршы, сакталбай калган. Бирок ал Варшаваны, Праганы бошоткондук үчүн, "Берлинди алгандык үчүн", "Германияны жеңгендик үчүн" медалдары менен сыйланган. Согуштан кийин ферма башчысы, колхоздун башкармасынын орун басары, парторг болуп иштеген. 1953-жылы эмгектин алдыңкысы катары Москвадагы Эл чарбачылыгынын жетишкендиги көргөзмөсүнө жиберилген. 

"Фашисттерди жеңгенден кийин Мамырбай Мамбеталиев көпчүлүктөр менен катар дароо мекенине кайткан жок, аны Маньчжурия операциясына катышууга жөнөтүшкөн. 1945-жылдын күзүндө Япониянын капитуляциясы жарыялангандан кийин гана ал Ыраакы Чыгыштан кайтып келген дейт анын уулу. Ошондо ал Кызыл аянтты биринчи жолу көрүптүр, бирок ал Жеңиш парадын көрсөм деп дайыма эңсечү", — дейт Мамырбаев. 

Быйыл ал атасынын эркин аткаруу үчүн балдары менен неберелерин чогултуп алып Кызыл аянттагы Жеңиш парадын көрүүгө Москвага жөнөп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0