Темир Сариев Ошто согуш ардагерлерин куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековАрдагерлердин колундагы гүлдөр. Архив
Ардагерлердин колундагы гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев Ош шаарындагы жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Өкмөт башчы Темир Сариев Ош аймагы боюнча бир күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда жана Ош шаарында өткөн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышып, ардагерлерди куттуктады.

"Биздин аталар, агалар майданда каармандык менен согушкан. Биз Жеңишке өзүнүн баа жеткис салымын кошкон ардагерлерибиздин жана тылда эмгектенген жарандарыбыздын күжүрмөндүгүн эч качан эстен чыгарбайбыз", — деди Сариев.

Ош шаарында согуштун ардагерлерине баткенчилер медаль тагышты
Андан соң өкмөт башчы Ош шаарындагы "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүлчамбар коюп жана согуштун ардагери Абдурашид Парпиевдин эстелигин ачуу салтанатына катышты. 

Сариев Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Айтмат Кудайбердиев менен жолугушуп, аны Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады.

Улуу Ата-Мекендик согушка Кыргызстандын 360 миңден ашуун жараны катышкан. Ал эми 150 миңге жакын кыргызстандык жаран согуш талааларынан кайтпай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0