Жума намазда Ош облусунун мечиттеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Жазылуу
Ош облусунун аймактарындагы жума намаз окулган 175 мечитте эртең мусулмандар арасында улут аралык ынтымакты сактоо жана тынчтык, биримдик боюнча баяндар айтылат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ош облусунун бардык жума окулган мечиттеринде 8-майда түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.

ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Оштогу чет элдик калпакчандардын келген максаты иликтенип жаткандыгын билдирди
Жума намазга келген жарандарга ынтымак, тынчтык, биримдик темасында жума баяндары окулат. Мындан сырткары ар түрдүү ушак айыңдардын алдын алып, улуттар аралык биримдикти бекемдөө, ынтымак жана достукту даңазалоо боюнча үгүт-насаат иштери жүргүзүлөт. 

Аталган иш-чара Ош облусунун казысынын тапшырмасы боюнча бардык мечиттердин имам-хатибдерине милдеттендирилди. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү Замир Сыдыков Фейсбук социалдык тармагына 5-май күнү "Ош шаарынын аэропорттун аймагында өзбек-кыргыз урушун чыгарганы элге 500 сомдон таркатып жатат" деген жалган маалымат тараткан эки аял кармалып, алардын айткандары жалган экендиги аныкталгандыгын" билдирген.

Ал эми 7-майда Ош шаары жана Ош областы боюнча Ички иштер башкармалыгы коомдук тартипти бузган 12 чет элдик жаран кармалгандыгын жана алар менен тийиштүү алдын алуу иш-чаралар өткөрүлүп, келген максаттары иликтенип жатандыгын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0