ИИМ Оштогу чет элдик калпакчандардын келген максаты иликтенип жаткандыгын билдирди

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOИИМ кызматкери. Архив
ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаары жана Ош областы боюнча Ички иштер башкармалыгы коомдук тартипти бузган 12 чет элдик жаран кармалгандыгы тууралуу мурдараак билдирген эле.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ички иштер министрлигинин №10 башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев Ошто коомдук тартипти бузду делген кыргыз калпакчан чет элдик жарандар тууралуу тынчсыздануунун кереги жок деп билдирди.

Ош шаары жана Ош областы боюнча Ички иштер боюнча башкы башкармалыгы шаршемби күнү Ош шаарында коомдук тартипти бузган 12 чет элдик жаран кармалгандыгы тууралуу мурдараак  билдирген эле. 

Мамбеталиевдин айтымында, чет элдиктер жергиликтүү тургундардан өзүлөрү токтогон үйү көрсөтүүнү сурашкан.

"Буга кабатыр болуштун кереги жок, баары жайында. Чет элдиктер Баткенге бара жатып, Ошто токтошкон. Сейилдеп жүрүп адашып кетип, өзүлөрү токтогон жерди таппай калышкан", — деди ал.

Мурдараак Фергана көчөсүнүн тургундары ак калпак кийген 10-15 белгисиз адам көчөнү кыдырып, элдин эшиктерин каккылап жүргөндүгү туурасында кайрылгандыгын билдирген эле.  

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалым кызматынын өкүлү Замир Сыдыков чет элдик жарандар "Маданият жана салт" коомдук фондунун мүчөлөрү экендигин айткан.

"Алардын арасында Бразилиянын бир жараны, АКШнын беш, Канаданын үч, Түштүк Корея менен Швециянын бирден жараны жана Украинанын эки жараны бар. Алардын айтымында, алар миссионердик кылып жана жергиликтүү каада-салттар менен таанышып жүрүшкөн", — деп билдирген Замир Сыдыков.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аталган топ менен тийиштүү алдын алуу иш-чаралар өткөрүлүп, алардын Ош шаарына келгендигинин чыныгы максаттары иликтенип жаткандыгын кошумча маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0