Караколдогу үйсүз согуш ардагерине Атамбаев батир белек кылды

© Фото / Р. БорбукееваКараколдогу үйсүз согуш ардагерине Алмазбек Атамбаев батир белек кылды
Караколдогу үйсүз согуш ардагерине Алмазбек Атамбаев батир белек кылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каракол шаарында бир нече жылдан бери үй-жайы жок жашап келген согуштун ардагерине президент тарабынан бир бөлмөлүү квартира берилди.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун тургуну Федор Емельяновго президент Алмаз Атамбаев тарабынан Каракол шаарынын чок ортосунан бир бөлмөлүү квартира берилди. 

Президент согуштун ардагерлерине юбилейлик медалдарды тапшырды
Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгынын алдында жаңы үйгө ээ болгон токсондон ашкан ардагердин кубанычында чек жок. 

Феодор Емельяновго президенттин атынан үйдүн ачкычын президенттик аппараттан өкүлү Сазкулов тапшырды. Буга ишенип-ишенбеген, көзү жакшы көргөнү менен кулагы саал каңырыштап калган аксакал көзүнө жаш алып, улам-улам ыраазычылыгын билдирип жатты. 

Ал согушка Ысык-Көл районунан чакырылып, майда талаасында ок жеп, кийин мекенинен аман-эсен кайтып келген. Буга чейин көчөдө калып, кийин ага батир жалдап беришкендигин, сырт дүйнөнү бешинчи кабаттагы терезенин айнеги аркылуу гана көрүп жашап келгенини айтып берди.

Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева ардагерге акыркы эки жыл ичинде Каракол шаарынын мэриясы жашаганга батир жалдап берип, бирок, туруктуу баш калкалоочу жай маселеси чечилбей келе жаткандыгын айтты. 

"Турмуштун өйдө-ылдыйынан улам, Каракол шаарына көчүп келип, байбичеси каза болгондон кийин өгөй кыздары көчөгө таштап койгондугун айтышты. Бирок, буга чейин аксакалга үй берүү маселеси чечилбей келиптир. Президентке маалымат жеткенден кийин маселе оң жагына чечилип, эми үйлүү болду", — деди Борбукеева.

Өкмөт өкүлүнүн орун басары аксакалдын 1-кабаттагы бир бөлмөлүү жаңы үйү сейил бактын аймагында жайгашкандыгын кошумчалады. 

Учурда Ысык-Көл облусу боюнча согуштун 95 ардагери, блокаданын алты катышуучусу жана ооруктун 400гө жакын катышуучусу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0