Жеңиш майрамына карата Караколдо деңиз парады өтөт

© Sputnik / Владислав Ушаков / Медиабанкка өтүүЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын аскердик деңиз флотунун Караколдогу базасы куралдарды суу алдында сыноого багытталган.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Россиянын аскердик деңиз флотунун Караколдогу куралдарды суу алдында сыноо базасынын аскерлери Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата аскердик парад өткөрө турганы Россиянын Коргоо министрлигинин сайтында маалымдалат. 

Чуркоо, ысык жана көптөн күткөн жеңиш. Ысык-Көлдө өткөн марафондон көз ирмем
Россиянын аскердик деңиз флотунун Караколдогу базасы куралдарды суу алдында сыноого багытталган. Базанын физико-географиялык, гидрологистикалык, геофизикалык шарттарынан улам бул жерде сыноолорду жыл бою өткөрсө болот.

Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери алты катер менен катарга тизилип Пржевальск булуңундагы кемелерге чейин барышат. Экипаждар параддык тизимде ардагерлер менен учурашып, үн сигналдарын беришет. Майрамдык салтанатта "Кант" авиабазасынын Су25СМ учактары учат.

Ардегерлер базанын аймагындагы эстеликке гүл коюп, россиянын аскерлери тарабынан уюштурулган майрамдык концертке жана түшкү тамактанууга катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0