Бишкек шаарынын көчөлөрү күндүн экинчи жарымында толугу менен жабылбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКесилиште жайгашкан светофор. Архив
Кесилиште жайгашкан светофор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-майдан 9-майга чейин күн сайын саат 8:00дөн 20:00гө чейин Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө боюнча парадка даярдыктарды көрүү үчүн толугу менен, же жарым жартылай жабылат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкек шаарынын көчөлөрү күндүн экинчи жарымында толугу менен жабылбай турганын Бишкек шаардык жол кайгуул кызматынан батальонунун жетекчисинин орун басары Жээнбек Большевиков Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Жеңиш майрамын белгилөө үчүн Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрү жабылат
Буга чейин Бишкек шаарынын жол кайгуул кызматы 4-майдан 9-майга чейин күн сайын саат 8:00дөн 20:00гө чейин Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө боюнча парадка даярдыктарды көрүү үчүн толугу менен, же жарым жартылай жабыла турганын маалымдаган.

Большевиковдун айтымында, бүгүн эртең менен Чүй проспектиси Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылган. Чүй проспектиси жабылгандыктан Киев көчөсүндө машиналардын агымы көп болуп, автотыгындар пайда болгон

"Саат 13.00дөн кийин Фрунзе көчөсү Ибраимовдон Шопоков көчөсүнө чейин маал-маалы менен 10-15 мүнөттөн жабылат. Себеби, Жеңиш аянтында майрамга карата даярдыктар жүрөт", — деди ал. 

Көчөлөрдөгү абалды жөнгө салуу үчүн күн сайын Жол кайгуул кызматынын 117-120 кызматкери чыгууда. Кызматкерлер жетишпегендиктен алар 10-12 сааттан иштеп жатышат деп кошумчалады ал.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0