Ысык-Көлдө баасы 231 миң сом болгон карагайлар мыйзамсыз кыйылган

Жазылуу
Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынын жашоочуларынын Григорьевка капчыгайында токойдун мыйзамсыз кыйылып жатканы боюнча кайрылуусунун негизинде текшерүү жүрдү.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ысык-Көл районунун прокуратурасы жалпы суммасы 231 миң 733 сомдук карагайлардын мыйзамсыз кыйылгандыгын аныктаганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Бөтөлкө, дөңгөлөктөр. Дайверлердин Ысык-Көлдүн түбүнөн тарткан видеосу
Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынын жашоочуларынын Григорьевка капчыгайында токойдун мыйзамсыз кыйылып жатканы боюнча кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргөн.

28-29-апрель күндөрү тийиштүү органдар Григорьевка капчыгайын текшерүү үчүн барып, мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайларын табышкан.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл районунун прокуратурасы карагайларды мыйзамсыз кыюу беренеси боюнча иш козгоп, учурда кылмыш иши Ысык-Көл райондук ИИБге өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0