Этнограф Мурзахметов: Ош шаарында гүл уурулук эрдикке айлана баштады

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТюльпан гүлү. Архив
Тюльпан гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын жашоочулары калаанын социалдык көйгөйлөрүн жалпылап чечүүгө ниеттенип жатышат.

БИШКЕК, 4-май – Spitnik. Ош шаарынын улуу муундагы жашоочуларынын пикиринде,  шаардыктардын коомдук мүлктү сактоо боюнча маданияты жок. Анысы аз келгенсип муниципалитеттин гүлдөрүн уурдай качкандар көбөйдү. Бул туурасында түштүк борбордун көйгөйлөрүнө арналган коомдук талкууда шаардыктар билдирди. 

"Шаардыктардын ой-толгоосу" деп аталган Ош шаарынын муниципалдык кызматкерлердин, эксперттердин жана жарандык активисттердин катышуусунда өткөн талкуу түштүк борбордун көйгөйлөрүн ортого салды. 

Ош шаарынын тургуну Лариса Кузнецова бийликтен талап кылып курдуруп алган жайларды, кайра эле шаардыктар өздөрү бүлүндүрүп жатканын айтты.

"Өзүбүз талап кылып курдурган балдар аянтчалары жана башка курулуштарды өзүбүз эле сындырып, талкалап жатабыз. Өзүбүз жашаган шаарыбызды сактоо, коргоо маданиятыбыз такыр жок",— деди Кузнецова.

Этнограф жана тарых илимдеринин кандидаты Абдимитал Мурзахметов эми гүл уурдоо эрдикке айлана баштагандыгын айтты.

"Мурда бакчалардан алмаларды уурдашчу эле, эми муниципалитеттин гүлдөрүн уурдаган эрдик катары санала баштады. Таштандыны болсо каалаган жерге ыргытып басып кетебиз", — деди Мурзахметов.

Талкуунун дагы бир катышуучусу таштанды ыргыткан тарбиясыздарды таштанды челектин жанына камера орнотуп, таштандысын анын айланасын ыргыта салып басып кеткендерди телеканалдардан көрсөтүүнү сунуштады.

Талкуунун алып баруучусу экономика илимдеринин доктору Жылдыз Акназарова биринчи иретте жарандык сектор алып бара турган бир нече сынамык долбоорду сунуштады. 

"Социалдык тармактагы көйгөйдү мэрия, жарандык  коомдор, билим берүү жана бизнес менен биргеликте чечиш керек. Баары биздин атуулдук позициябызга, демилгебизге жана биргелешип жасаган иштерибизге  жараша болот", — деди ал.

Талкуунун катышуучулары дагы бир түйүндүү маселе болгон – шаардын көчөлөрүндө жеңил автонуулардын туура эмес, коомдук транспорттун кыймылына тоскоолдук жаратып токтотулуп жаткандыгын айтышты. Отура бербей, бул боюнча демилге көтөрүп, маселени чечүүнү талкууга катышып отурган Ош шаардык кеңештин депутаты Карим Пазиловго сунушташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0