Май айында газга болгон тариф бир сомго арзандайт

© Sputnik / Александр Демьянчук / Медиабанкка өтүүДенежные купюры
Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башка айларга караганда май айында тарифтин арзандашы доллардын курсуна байланыштуу болууда.

БИШКЕК, 1-май— Sputnik. Көгүлтүр оттун элге жана өнөр жай ишканаларына коюлган тарифи арзандады деп билдирди "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы.

Таратылган маалыматка ылайык, жаратылыш газынын эл үчүн коюлган баасы бир кубометрине 13,87 сом болсо, өнөр жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдар кошумча нарк салыгын, киреше салыгын кошкондо 17,04 болду.

Тарифтин башка айларга караганда бул ирет арзан болушу доллардын курсунун төмөндөшүнө байланышкан.Апрелдин соңуна карата бир доллар 59,64 сомду түзсө, ал эми тарифти бекитип жатканда 63,88 сом болгон. 

"Газпром Кыргызстан" ишканасы ай сайын тарифти Улуттук Банк бекиткен расмий доллардын/сомдун курс менен Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругунун негизинде эсептеп турууга милдеттүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0