Эрматов Билим берүү министрилигине мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторун ачууну сунуштады

Жазылуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянны жетекчиси менен Билим берүү, илим министри мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жаатында министрлик аткара турган иштерди талкуулашты.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Билим берүү жана илим министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүн же сектор түзүү сунушу айтылды.

Бишкетеги мектеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектептерде Билим берүү министрлиги жактырбаган китептер колдонулуп жатат
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов министр Элвира Сариева менен тилди өнүктүрүү өбөлгөлөрүн талкуулашты. Ал министрге мектеп жана бала бакчаларда кыргыз тили жана адабияты предметтеринин сааттарын көбөйтүү, кыргыз тилчи мугалимдердин айлыгын жогорулатуу, министрликте мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүн же сектор түзүү сыяктуу сунуштары менен кайрылды. 

Министр Сариева мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу КыргызТест системасы даярдалып жаткнадыгын маалымдады. 

Талкуунун соңунда КыргызТест системасын негизинде тест жүргүзүүнүн алдында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, түшүндүрмө куралдарды чыгарып, таркатууну милдетин Билим берүү жана илим министрлиги өзүнө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0