07:18 27 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Коом
Кыскача шилтеме алуу
113 0 0

Шукеновдун каза болушу Казакстандын маданиятына орду толгус жоготуу болгонун Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева белгиледи.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Батырхан Шукенов Казакстандын эл артисти Роза Рымбаеваны ана деп келгенин ал Sputnik сайтынын кабарчысы менен болгон маегинди билдирди.

Рымбаеванын айтымында, ал бүгүн эртең менен Шукеновдун өлгөнү жөнүндө угуптур, бирок, анын майда-чүйдөсү боюнча азыр толук маалыматы жок экен.

"Менин балам Шукеновдун өлүмү боюнча түндө эле билиптир, бирок тынчымды албайын деп айтпаптыр", — деди белгилүү ырчы.

Батырхан Рымбаеваны чыгармачылыгындагы энеси катары баалап келгенин ал белгиледи.

"Дайыма көңүлү ачык, жайдары болчу. Мага жылуу мамиле жасап, мени апа дечү. Астана шаарында 23-апрелде биздин президент катышкан концертте чогуу болгонбуз, анын ооруп атканы боюнча эч кандай белгилери жок болчу. Мен азыр шок абалында турам", — деди ырчы.

Рымбаева Шукенов анын тобуна 80-жылдары консерваториянын студенти кезинде келип иштегенин эскерет. Башында ал саксофончу болчу, топ менен түрдүү конкурстарга барчу. Кийин жеке аткаруучу катары карьерасын уланткан.

"Арай" тобунда жүргөндө ал атактуулукка жетти. Кийин "А'Студио" тобун негиздеп, Москвага кеткен", — дейт Рымбаева.

Ал ошондой эле, Шукеновдун каза болушу Казакстандын маданияты үчүн орду толгус жоготуу болгонун белгиледи.

Батырхан Шукенов 1962-жылы Казакстандын Кызыл-Орда шаарында төрөлгөн. Музыкалык карьерасын Казакстандын эл артисти Роза Рымбаеванын тобуна саксофончу болуудан баштаган. Ал 1988-жылы достору менен "А'Студио" тобун түзүп, анын солисти болгон. Шукеновдун "Белая река", "Стоп, ночь", "Солдат любви", "Эти тёплые летние дни", "Нелюбимая", "Джулия" жана башка ырлары коомчулуктун сүймөнчүктүү ырларына айланган.

Белгилер:
Роза Рымбаева, Батырхан Шукенов, Казакстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ