Бел-Алма көмүр кенин чалгындай турган компания кечээ аныкталбай калды

Жазылуу
Баткендин Бел-Алма көмүр кенин чалгындоого укук ала турган компания ведеомстволук аралык комиссиянын дүйшөмбүдөгү жыйынында чечилбей, кийинкиге калтырылды.

БИШКЕК, 28-апр. – Sputnik. Баткендеги Бел-Алма боюнча көмүр кенин чалгындоого боюнча конкурска катышкан үч компанияны ведомство аралык комиссия дагы карап, документтерин тереңирээк иликтеп чыгууну 29-апрелге калтырды. Бул туурасында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Бел-Алма кенин чалгындоого ат салышкан "Беш-Арча", "Пэрити Коал" жана "Ормош – Ойл" ишканаларын сынактын экинчи айлампасына өткөн.

Ведомстволор аралык комиссия сынакка коюлган жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны 820 миң доллардан кем эмес өлчөмүндө белгилеген. 

Сынакка катышуунун шарттарынын бири – геологиялык маалыматтардын кыскача топтомун 3580 сомго сатып алуу керек.


Жаңылыктар түрмөгү
0