Кыргызстанда Жеңишке арналган аскердик парад 9-майда өтмөкчү

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКыргызстанда Жеңишке арналган аскердик парад 9-майда өтмөкчү
Кыргызстанда Жеңишке арналган аскердик парад 9-майда өтмөкчү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда Жеңишке арналган аскердик парад 9-майда өтүп, аны президенттин ордуна Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси кабыл алат.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстанда Жеңиштин 70 жылдыгына карата аскердик парад мурда белгиленгендей, майдын жетисинде эмес, 9-майда өтө турган болду. Бул боюнча президент Алмазбек Атамбаев жарлык чыгарды. 

Кыргызстандыктар жана бишкектиктер 2015-жылдын 9-майында парадды саат 10-00дө "Ала-Тоо" аянтында көрө алат. Парадды Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси генерал-майор Асанбек Алымкожоев кабыл алмакчы.

Анда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө кирген аскердик бөлүктөрүнүн жоокерлери жана офицерлери катышат жана аскердик техника, курал-жабдуулар көрсөтүлөт.

Ошол эле күнү, 2015-жылдын 9-майында, Аскердик параддан кийин Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюлат. Андан соң иш чаранын катышуучу ардагерлерине жана меймандарына салт боюнча аскердик-талаа ашканасында даярдалган жоокерлер кашасынан даам сызуу сунушталат.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш жылдары мурдагы СССРдин башка республикалары менен бир катарда Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам же дээрлик ар бир төртүнчү адам салгылашкан. Анын 95 миңден ашууну салгылашууларда курман болгон. 150 миңден ашуун мекендештерибиз төшүнө орден, медаль тагынып кайткан. 73 мекендешибиз Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наамга татыган. 

Ардагерлерди урматтоо жана Улуу Жеңишке арналган түрдүү иш чаралар Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0