Кыргыз дипломатиясынын пайдубалын түптөгөн Ишенбай Абдуразаков

© Фото / пресс-служба ЖК КРКонференция «Ишенбай Абдуразаков: мыслитель, дипломат, личность»
Конференция «Ишенбай Абдуразаков: мыслитель, дипломат, личность» - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдуразаков бир жыл мурда, дал ушул күнү 77 жашында дүйнө салган. Улуу инсандын жаркын элесин эскерип, анын замандаштары жана шакирттери өз ойлорун бөлүштү.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында Япониянын Саппоро шаарында СССРдин башкы консулуна чейинки жогорку кызматтарда иштеген Ишенбай Абдуразаков, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин бардык тажрыйбасын өлкөнүн өнүгүшүнө жумшаган. Ал былтыр 24-апрелде 77 жашында дүйнөдөн кайткан. Sputnik маалымат сайты Ишенбай абанын жаркын элесин эскерип, анын замандаштарынан, шакирттеринен пикир алды.

Абдуразаков эгемендүүлүк алгандан кийин мамлекеттик иштердин оңолушуна чоң салым кошту 

Аликбек Жекшенкулов Ишенбай Абдразаков жөнүндө

КРдин мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов дипломат Ишенбай Абдуразаковдун СССР доорунда жогорку кызматтарда иштегенин айтып, өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин мамлекеттик иштердин оңолушуна чоң салым кошконун белгиледи.

"Бул киши абдан тажрыйбалуу дипломат эле. Ички саясатты да, тышкы саясатты да мыкты билчү. Өзүнүн философиялык пикирлерин билдирип, коомдо жакшы ойлорду, жакшы маанайды жаратчу. Абдразаковдун каза болгонуна бир жыл болду. Бирок ал кишини даңазалаган иштер бүгүн болбогондой сезилип жатат. Менимче, Ишенбай аганын өмүр баянын, тажрыйбасын, кыргыз элине жасаган эмгегин эл билиши керек", — дейт ал.

Жекшенкулов ошондой эле, Абдразаков СССР доорунда Япониянын Саппоро шаарында башкы консулу болуп иштегенин айтып, кийин пенсияга чыкканда Япониянын императорунун жогорку орденине татыктуу болгонун кошумчалады.

"Дипломаттык кызматтын негиздерин практика жүзүндө Абдуразаковдон үйрөндүк" 

Рысбек Молдогазиев Ишенбай Абдразаков жөнүндө

КРдин Япониядагы элчиси Рысбек Молдогазиев Ишенбай Абдуразаков Кыргызстандын дипломатиясынын пайдубалын түптөгөнүн айтат. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары дипломаттарды даярдаган окуу жай жок болгондуктан, алар дипломатиялык кызматтын негиздерин практика жүзүндө Ишенбай Абдуразаковдон үйрөнүшкөн.

Улуу устат кайсы бир маселени түшүндүрүүдө анын бир жагына токтолгон соң, бийик үнү менен "а бирок" деп басым жасап, ошол маселенин башка жагын да негиздүү чечмелеп берчү экен. Ишенбай аба ар бир маселени шашпай, ар тараптан талдап, терең ой жүгүртүп, шакирттерине үйрөткөнүн Молдогазиев эскерет.

Абдуразаков Япониянын саясий, коомдук жана академиялык чөйрөнүн ишмерлери менен эң тыгыз байланышта болгонун да элчи белгиледи.

"Ал  Токиого жыл сайын келип, жылуу мамилерин сактап келген. Көзү өткөндө япон достору абдан кайгырышты. Алардын бири мындай деп айткан эле: "Абдуразаков сан бул дүйнөдө нукура япон адамындай жашап, башка дүйнөгө да чыныгы япондой өтүп кетти". Бул сөз өмүрүндө башкаларга зыян келтирбей таза жашап, башка дүйнөгө узап баратканда да эч кимге түйшүк салбай өтүп кетти деген терең маанини түшүндүрөт", — дейт Молдогазиев.

Ал көйгөйлүү маселелер талкууланып чечиле турган жерден эч качан калчу эмес 

Эмил Үмөталиев Ишенбай Абдразаков жөнүндө

Kyrgyz Concept ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиев Ишенбай Абдуразаков даражасына, баркына карабастан, эл арасындагы жөнөкөйлүгү жана элдин көйгөйүнө аралашканы менен башкалардан айырмаланганын айтып, көйгөйлөр чечилген жерде, мунасага келген талкуулардан эч качан калбагандыгын айтат.

Абдуразаков жаштардын демилгелеринин баарын колдоп, алар менен аралашып жүргөнгө аракет кылганын эскерди.

"Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өткөндөн кийин кыргыз элинин жүзү ким болот, насаатчысы ким болот дегенде Ишенбай Абдуразаковду гана атап калчубуз", — деди ал.

Ишенбай Абдуразаков — легендарлуу дипломат 

Нуржигит Кадырбеков Ишенбай Абдразаков жөнүндө

 Ишенбай Абдуразаков Советтер Союзунун кадыр-баркы көтөрүлүп турган жетимишинчи жылдары СССРдин тышкы саясатында маанилүү роль ойногон кадр болгонун "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков белгиледи.

"Ошол убакта дүйнөдө эки ири держава болсо, ошолордун бири Советтер Союзу эле. Дүйнөдөгү эң күчтүү деп саналган мамлекеттин сырткы саясатында маанилүү ролду ойногон киши. Албетте, бул легендарлуу дипломат", — дейт ал.

Абдуразаков замандын талабына, шартына жараша жаңыра алган киши болгонун Кадырбеков кошумчалады.

"Башка заманда, башка идеологияда тарбияланып калып, эгемендүү Кыргызстандын же глобалдашуу шарттарында өзүнүн ордун таба албаган кишилер көп. Бул киши канча жашында, кандай заман болбосун ошол замандын агымына жараша жаңыра алган, өзгөрө алган киши болчу", — дейт ал.

2008-жылы Япониянын императору Ишенбай Абдуразаковду "Күн чыгыш" ордени менен сыйлаган. Аталган өлкөдө бул орден чет элдик жарандарга берилчүэң жогорку мамлекеттик сыйлык болуп эсептелет.

Абдуразаков 1937-жылдын 12-августунда Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында туулган. 1959-жылы Москва шаарындагы Экономикалык институтту аяктаган. 1970-жылдары СССРдин Тышкы иштер министрлигине караштуу дипломатиялык жогорку мектепти бүтүргөн. Кийин Япониянын Саппоро шаарындагы СССРдин Башкы консулдугуда иштеп, үчүнчү катчыдан башкы консулга чейинки кызматка жеткен.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин президенттин кеңешчисинен тартып, мамлекеттик катчыга чейинки кызматтарды аркалаган. Маркумдун Авазбек, Мурат жана Айнура, Жыпар аттуу балдары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0