Ленинградды коргоочунун кызы: атам Лениндин эмгектерин ашканага отуруп алып которчу

© Фото / личный архив Бермет МаразыковойБейшенбай Маразыков
Бейшенбай Маразыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Теледен "Небесный тихоход" тасмасын көрсөткөндө атам анда өзү согушкан авиаполк тартылганын жана кадрлардын бирине анын учагы да түшүп калганын эскерет деп айтып берди Маразыкова.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Атам менен энем ашканага отуруп алып, атам которгон Лениндин чыгармаларынын толук жыйнагын окушар эле дейт согуш ардагери, профессор Бейшенбай Маразыковдун кызы Бермет Маразыкова.

Атасы көп жыл бою марксизм-ленинизмдин классиктеринин эмгектерин кыргыз тилине которуу бөлүмүн жетектеген деп эскерет Маразыкова.

"Кесиптештери менен бирге ал Владимир Ленин менен Иосиф Сталиндин "Толук чыгармалар жыйнагынын" 55 томунун котормочу-автору жана Карл Маркстын "Капиталын" которууга да катышкан. Ошондой эле, Кыргыз совет энциклопедиясынын түзүүчүлөрүнүн бири", — дейт окумуштуунун кызы.

Маразыкованын эскерүүсүндө, кечкисин өзүнүн жети баласынын тынчын албаш үчүн атасы ашканага жабынып отуруп алып, котормолорун жасачу, кээде иштерин текшерип, окуп чыкканга энеси да жардам берчү экен.

Кичинекей ашкананын эшик артынан: "Vive Le son du canon! Биз француздардын революциялык ырынын сөздөрү менен — "Жашасын, замбиректердин дүңгүрөгөн дабышы!". Жашасын революция, жашасын падыша өкмөтүнө жана анын тарапкерлерге каршы болгон элдик ачык согуш! — дейбиз" деген сөздөр угулар эле", — деп эскерет профессордун кызы.

Лениндин жаркын элесине!
Маразыкованын айтымында, атасы 1921-жылы Ысык-Көлдүн Тасма айылында туулган. 1939-жылы Пржевальскидеги мугалимдердин окуусун аяктаган соң, Кыргызстандын түштүгүндөгү Куршаб районунда жети жылдык мектептин завучу болуп иштеген. 

1940-жылы Канибадам аскер комиссариаты тарабынан Советтик аскерлердин катарына чакырылып, Тбилисиге 136-артиллериялык полкко туш болот.

"Атам командирлер ошондо эле согуш башталат, ошон үчүн даяр болушубуз керек дешчү. Бирок кайсы жерде, качан башталарын эч ким билген эмес деп калар эле", — деп эскерет ардагердин кызы.

Кийинчерээк атасы штурмандардын авиа-мектебине жиберилип, бирок согуш башталардан бир нече күн мурун Саратов областындагы Вольск шаарында жайгашкан авиамеханиктердин окуу жайына которулуп, 1941-жылдын февралында жоокердик антын берет.

"22-июнь күнү эртең менен бизге согуш башталганын билдиришти. Кыйын мезгил болчу, айрыкча Ленинграддын блокадасы башталганын биз оор кабыл алдык. Череповецкке которулуп келе жатып, мен Москвада үч күн болдум. Ошондо биринчи жолу ээн жана кардын борошосуна оролгон Кызыл аянт менен Лениндин Мавзолейин көргөм. Ошол көрүнүш күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат", — деген атасынын сөздөрүн эскерет Маразыкова.

Атасы Ленинград фронтунда авиациялык чалгындоочулар полкунун 13-бөлүгүндө согушкан. Полк Ленинграддын чет-жакасындагы Левашово деген жерде турган. Биздин каарман алгач, бомба таштоочу Пе-2 учагынын механиги, анан бортмеханиги болуп кызмат кылыптыр. Ошондо Маразыков атанын полку Ленин шаарынын асманын душмандардан коргогон экен.

"Душмандын терең ооругунан тапшырмадан кайтып келе жатсак, Чуд көлүнүн аймагында 4 миң метр бийиктикте биздин учакка эки "мессер" кол салды. Командир Алексей Каменевдин мыкты чеберлигинен гана фашисттер бизден артта калып, биз аман кайттык. Командир учакты төмөн карай кескин түрдө тик бурганда, биз ылдый карай учуп жөнөдүк, жерге 200 метр калганда гана ал учакты кайра өйдө бурду. Тилекке каршы, биздин командир жеңишти көрбөй калды", — деп Маразыкова атасынын сөздөрүн кайталайт.

Атасы Жеңишти Финляндиядан кайтып келгенден кийин өзүнүн Левашово аэродромунда тозот. Өз авиаполку менен ал Кенигсбергге чейин жетип, 1946-жылдын башында гана капитан наамы менен аскерден кайтып келген дейт кызы.

"Теледен "Небесный тихоход" тасмасын көрсөткөндө атам анда өзү согушкан авиаполк тартылганын жана кадрлардын бирине анын учагы да түшүп калганын айтчу. Тасмага тартылгандан кийин атамдын полку "Ну а девушки? А девушки потом…" деген ырды ырдашыптыр… " — деп айтып берди Маразыкова.

Согуштан кийин атасы Ысык-Көл областынын комсомолдор комитетин жетектеген, Ош областына караштуу Караван районунда мектеп директору жана Түп райком партиясынын бөлүм башчысы болуп иштегенин эскерди ал. 1951-жылы Республикалык партиялык мектепке өтүп, аны бүткөн соң Кыргызстандын КП БКнын алдындагы Партиянын тарыхы институтуна жиберилет. Москвадагы Жогорку партиялык мектепти аяктап, тарых илимдеринин кандидаттыгына диссерциясын жактайт.

1970-жылы Фрунзенин Политехникалык институтунун тарых кафедрасына КПСС тарыхы боюнча мугалимдикке чакырылып, ал жерде доцент илимий наамын алат. 20 жылдан ашык убакыт бою ал өз билим-тажрыйбасын аталган окуу жайдын архитектуралык-курулуш факультететинин студенттери менен бөлүшүп, 1990-жылы татыктуу эс алууга чыккан. 

"Атам Улуу Ата мекендик согуштун II даражадагы ордени, "Ленинградды коргоо үчүн", "Германияны жеңгендик үчүн" жана "Аскердик эмгеги үчүн" төш белгилери менен сыйланган. Тынчтык мезгилинде "Эмгек ветераны" сыйлыгына татыктуу болгон", — деп сөзүн жыйынтыктады Маразыкова.

Жаңылыктар түрмөгү
0