Алым Токтомушевдин "Ачылбаган дүйнө" аттуу китеби жарыкка чыкты

Жазылуу
Ал кыргыз журналистикасындагы аналитика жанрынын өнүгүшүнө салым кошкон.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Касымалы Баялинов атындагы китепканада журналист, публицист жана акын-котормочу Алым Токтомушевдин "Ачылбаган дүйнө" аттуу китебинин бетачары 28-апрелде болорун уюштуруучулар билдирди.

Китепке маркумдун буга чейин эч жерде жарыяланбаган эмгектери кирген. Ошондой эле жыйнакка Токтомушевдин котормосундагы дүйнө адабиятынын алптары А.Пушкин, Саади, М.Лермонтов, Б.Пастернак, М.Рильке, Ж.Тардье жана башкалардын ырлары топтолгон. 

Бул Алым Токтомушевдун көзү өткөндөн кийин жарык көргөн алгачкы китеби. Көзү тирүүсүндө "Жолдогулар", "Эски дептер" ырлар жыйнагы чыккан. 1990-жылдардан баштап бир нече эркин басылмаларда эмгектенген, Алым Токтомушев кыргыз журналистикасындагы аналитика жанрынын өнүгүшүнө салым кошкон. Ал  аналитикалык материалдары менен окурмандарды өзүнө тарткан.

Токтомушев 2014-жылдын 24-июлунда 67 жаш курагында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0