Ооруктун кайратмандары: согушта үч бир тууганы дайынсыз калган Улук эненин тарыхы

© Фото / Арзымат АбдыкеримовУлук эне
Улук эне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
95 жаштагы Улук байбиче биз менен болгон маегинде ошол кезде урушка аттанып, кайтып келбей калган үч бир тууганын эстеп бир муңайса, кыйын кез болсо согуштун каарын жеңген жаштыгын эстеп бир жылмайды. Биз Жеңиштин 70 жылдыгынын алдында Улук эне менен жолугуп, маектешип кайттык.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Алыскы Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылынын жашоочусу, 95ке таяп калган Улук эненин баскан-турганы тың, үйдө неберелерин карап, кээде бешигин терметип да берет. Улуу Ата мекендик согуш анын жакындарын алып кетип, үч эркек бир тууганын кайра кайтарып берген эмес. Ал эми бир агасы Алибай Шадаев менен жолдошу Мамыр Кайыпов майдандан аман-эсен келип, көп жыл колхоздо иштеп жүрүп, кийин тынч заманда көз жумушкан.

Ошол учурда тылда эмгектенгендердин түйшүгү арбын, мээнети көп болуптур. Өзгөчө аял кишилер баласын багып, үй тиричилигин жөндөп, анан майданга жардам кылыш үчүн бел чечпей эмгектенишкен. 

Улук эне биз менен маегинде кан майданда каза болгон агаларын эстеп олтурду, үчөө тең кайтпай, алардан туяк калбаптыр. 

"Кырчындай жаш кезинде Шадаев Көлбай, Кулмат, Нурмат, Алибай деген төрт агамды согушка узаттык, бейиши болгурлар, анын үчөө ошол от күйгөн Батыштан кайтпай, дайынсыз бойдон калышты. Бир акем жаңы гана үйлөнгөн, ал эми берки экөө бүлө күткөнгө үлгүрбөй кетишти. Алар удаа төрөлгөндүктөн, 22-28 жаштарда эле", — деп эстеп отурду Улук чоң апа. 

Биздин маектеш баласын белине таңып алып, орок оруп, машак терген, мээнеттүү күндөрүн эстеп, аны менен кошо талаада таң атырып, күн батырып бирге эмгектенген курбуларынын азыр саны суюлганын айтат.

"Айылдан бир нече чакырым алыс Сырт деген жерге эгин оргону чыгар элек. Тектир-тектир болгон бир нече жүздөгөн гектирге арпа-буудай айдалчу. Жазында кош айдап, күзүндө орок оруп, машак тердик. Тапкан-ташыгандын баарын согушка, аскерлерге жөнөтчүбүз. Үй бетин көрбөй талаалап жүрүп, эгинди күндүзү эле эмес, айдын жарыгында орчу элек да, балам. Кыйын күндөрдү бирге өткөргөн айылдаштарым, курбуларымдын көбү азыр өтүп кетти", — деди Урмат эне.

"Кайгыны, түйшүктү жаштыгыбыз менен жеңчүбүз"

Кыргыз эл Баатыры Сооронбай Жусуев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай акындын жааган октун алдындагы өмүрү
Курагы кылымга таяп калган байбиче согуш жылдарында керели-кечке бел талытып, кол жоорутуп иштеген акысы үчүн эң жакшы деген күндөрү үч, болбогон күндөрү бирден загара нан (загара – жүгөрүнүн унунан жасалган нан – ред.) алып, ошого өзөк жалгап, каниет кылгандыгын эскерди. 

"Жаш экенбиз да, кечке иштеп, кээде өзүбүздү алаксытыш үчүн, ыргалга эгинден башыбыз көрүнүп, көрүнбөсө да колубузда орок, оозубузда ыр болор эле. 

 Жегеним жалгыз калама,

Мен жүрөм мейкин талаада.

Эртелеп эле тутулдум,

Ийри орок деген балаага", — деген ыр саптарды айтып берди Улук эне.

Жолдошу Мамыр Кайыпов да согушка катышып, аман-эсен кайткан соң, өмүрүнүн аягына чейин колхоздо иштеген экен. Азыр Улук эненин төрт, кыз-уулу, небере-чөбөрөлөрү бар.

Маегибиздин соңунда баскан турганы тың, акылы тетик Урмат эне бизге батасын берип, жакшылыктарды каалап узатты. 

"Жакшы заманды силер көрүп жатасынар, балдарым. Кудайдын мунусуна да ырахмат. Биз эми минтип картайдык. Энди жогорулабайбыз, болгону ылдыйлайбыз. Заман силердики. Тилегиңер кабыл болсун", — деди Улук эне.

Кезегинде Көк-Серек айылынан 247 адам согушка аттанып, анын 159у кайтпай калган. Учурда айыл аймагында тылдын 4 катышуучусу жашап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0