28 баланы багып алган Яшиндердин үй-бүлөсүндө эми микроавтобус пайда болот

© Пресс-служба президента КРКыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент 28 баланы багып алган Яшиндердин үй-бүлөсүнө материалдык жардам катары бир миллион сом бөлүү боюнча буйрукка кол койду.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 28 баланы багып алган Яшиндердин үй-бүлөсүнө президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан бир миллион сом бөлүү боюнча буйрукка кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бул каражатты көп балалуу үй-бүлө микроавтобус сатып алууга жана турмуш шарттарын жакшыртууга жумшашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0