Башкы штаб жетекчиси Алымкожоев 9-майда парадга катышуучу техниканын абалын текшерди

Жазылуу
Башкы штабдын жетекчиси парадга катыша турган техникалардын абалы менен таанышып, өзгөчө көңүл автоунаа айдоочулардын даярдыгына бурулушу керектигин билдирди.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев Улуу Жеңиштин урматына Бишкекте өтүүчү парадга катыша турган аскер техникаларынын абалы менен таанышты.

Кыргыз эл Баатыры Сооронбай Жусуев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай акындын жааган октун алдындагы өмүрү
Башкы штабдын маалымат кызматы билдиргендей, аскерий техникалар жана керектүү жабдыктар №52806 аскер бөлүгүндө турат. Башкы штабдын буйругуна ылайык, аскер бөлүктөрүндөгү аскердик техникалар пландуу түрдө текшерилип турат.

Алымкожоев парадга катыша турган техникалардын абалы менен таанышып, өзгөчө көңүл автомашина айдоочулардын даярдыгына бурулушу керектигин билдирди.

9-майда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленет. КР өкмөтүнүн маалыматына ылайык, өлкөдө учурда Улуу Ата мекендик согуштун 1 миң 313 ардагери бар. Былтыр 300дөй ардагер каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0