Кумтөрдө мөңгү эрип түшкөн учурда да КР акционери бойдон калат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКумтөрдө мөңгү эрип түшкөн учурда да КР акционери бойдон калат
Кумтөрдө мөңгү эрип түшкөн учурда да КР акционери бойдон калат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кумтөрдө техногендик кырсык болсо, Кыргызстан азыркыдай эле Centerra компаниясынын толук укуктуу акционери бойдон калат деп билдирди эксперт Эрик Таранчиев.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Эгер Кумтөрдө мөңгү түшө турган болсо, Кыргызстан азыркыдай эле Centerra Gold Inc. компаниясынын акцияларын негизги кармоочусу бойлон калат деди Эрик Таранчиев Бишкекте өткөн Жеке инвесторлор клубунун отурумунда.

Эксперт: Кумтөрдүн начар абалга келишине айыпкер менеджментти алмаштыруу керек
КРдин белгилүү экономисттери 15-апрелде Кумтөр кен жайында бышып жетилген көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн чогулушкан. Анда каралган башкы тема премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган өкмөт талап кылгандай Centerra Gold Inc. директорлор кеңешин алмаштыруу мүмкүнчүлүгү болду. 

Эгер техногендик кырсык болуп, кен жайын иштетүү токтоп кала турган болсо, Кыргызстандын Centerra компаниясындагы акциялары эмне болот деген Sputnik кабарчысынын суроосуна Таранчиев эч нерсе болбойт деп жооп берди. 

Анын айтымында, Centerra Gold Inc. Кумтөрдү Centerra компаниясына караштуу бирдик катары иштетип жатат. Бул Centerra-нын КР акционер болуп эсептелген активдеринин бири.

"Активдердин кайсы бири менен көйгөй жарала турган болсо, анын кесепети Centerra Gold Inc. компаниясына тиет. Ал эми биз мурда кандай акционер болсок, бардык шартта ошондой кала беребиз. Биздин башка активдерден өз кирешебиз болот", — деди көз карандысыз эксперт.

Азыр Centerra Gold Inc. Кыргызстанда, Монголияда, Түркияда, Канада жана Португалияда алтын кендерине ээлик кылат. Centerra компаниясына тиешелүү жерлердин ичинен алтын корунун көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийин Монголиядагы Бороо турат.

Эксперт Андрей Залепонун билдирүүсү боюнча, Монголиядагы аталган кен жайы улуттук долбоор статусун алып, иштетүүгө даяр турат. Андагы алтындын кору 200 тонна деп бааланууда.

Мурдараак КРдин экологдору Кумтөргө жакын жайгашкан Давыдов мөңгүсү ээрип, улам барган сайын ылдыйлап келе жаткандыгын билдиришкен. Кен жайында иштетилип жаткан карьер толуп кетүү коркунучу бар.

Кумтөр алтындын кору боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлеген кен жайы болуп эсептелет. Аны Канаданын "Камеко" компаниясы 1994-жылы иштете баштаган. Алгач долбоордо кирешенин 70 пайызы Кыргызстанга жана 30 пайзы "Камеко" жетекчилигине тиет деп болжолгон. Макулдашуулар ратификацияланган соң 2003-жылы "Камеко" Centerra Gold Inc. болуп кайра түзүлүп, ал республиканын чегинен сырткары бир нече кен жайын иштете тургандыгын жарыялаган. Ошентип, компаниянын масштабы өсүп, ага жараша КРдин долбоордогу акциялары 70тен 33 пайызга түшүп кеткен.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кумтөр маселеси менен алектенген Кубанычбек Исабеков Centerra Gold Inc. компаниясынын Кумтөрдөн башка бардык иштептип жаткан кен жайлары жалган экендигин мурдатан бир нече жолу билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0