Учак бузулуп, 36 кыргызстандык Индиядан уча албай калды

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүАэропорт. Архив
Аэропорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нью-Дели – Бишкек каттамы 11-апрелде эле учушу керек болчу. Бирок, Индиядагы аэропорттун кызматкери учактын корпусун мыйрыйтып алганы үчүн 36 кыргызстандык беш күндөн бери мекенине келе албай турат.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. "Нью-Дели – Бишкек каттамы боюнча учкан "Пегасус" авиакомпаниясына тийиштүү учак корпусу мыйрыйып калгандыктан,  Индира Ганди атындагы аба майданынан уча албай турганын КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Нью-Дели – Бишкек каттамы 11-апрелде эле учушу керек болчу. Бирок Индиядагы аэропорттун кызматкери учактын корпусун мыйрыйтып алганы үчүн 36 кыргызстандык беш күндөн бери мекенине келе албай турат.

ТИМдин маалыматына ылайык, кыргызстандык жүргүнчүлөргө үч маал тамак берилип, алар жакшы мейманканага жайгаштырылган. Элчилик алардан такай маалымат алууда.

"Пегасус" компаниясынан билдиришкендей, жүргүнчүлөрдү башка каттамдар аркылуу жиберүүгө мүмкүн болбой жатат, себеби Нью-Дели – Бишкек каттамы аркылуу "Пегасус" авиакомпаниясынан башка компаниялардын учактары учпайт.

Авиакомпаниянын учагы кыргызстандык жүргүнчүлөр менен биргеликте жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.00дө учуп чыгуусу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0