"ЭлТР" жамааты директордун орун басары Бекешевдин кызматтан кетишин талап кылууда

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТелевидение. Архив
Телевидение. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телеканалдын профсоюз комитетинин төрагасы талаптардын астына кол койгон беш адам МТРКнын 300 чакты адам иштеген бүтүндөй жамаатынын атынан жазууга акысы жок болчу деп белгиледи.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Оштогу "ЭлТР" телеканалынын кызматкерлери башкы директордун орун басары Бейшенбек Бекешевди ээлеген кызматынан токтоосуз бошотууну талап кылышты деп билдирет телеканалдын маалымат кызматынан.

Билдирүүгө ылайык, шейшемби күнү кечинде "ЭлТР" МТРКнын Ош шаарындагы башкы офисинде жыйын болуп, анда телеканалдын айрым кызматкерлери башкы директор Максуда Айтиевага койгон талаптар талкууланган. Жыйынга башкы кеңседе иштөөчү 145 кызматкердин 97си катышкан.

Чогулуштун жыйынтыгы боюнча, жамаат башкы директордун орун басары Бейшенбек Бекешевди ээлеген кызматынан бошотуу маселесин токтоосуз кароону жана Айтиева жүргүзүп жаткан реформаларды бир добуштан колдоону талап кылды.

Чогулуш учурунда каналдын профкомунун төрагасы талаптардын астына кол койгон беш адам МТРКнын 300 чакты адам иштеген бүтүндөй жамаатынын атынан жазууга акысы жок болчу экендигин белгиледи.

ЭлТР" санариптик ТВга өтүүгө өз эсебинен 5 млн сом бөлдү
Мурдараак Айтиева телеканалды реформалоо саясатына жамааттын айрым бөлүгү макул эместигин жана талаш-тартыштар негизинен өзүнүн автордук долбоорун уюштуруу иштеринде тартип бузууларга жол берген анын орун басары Бейшенбек Бекешевке байланыштуу болуп жаткандыгын билдирген эле.

Анын көз карашында, тасмага тартуу жана телеобону уюштуруу иштеринин спонсорлорлору талаптагыдай расмий жол-жоболорду аткарбай иштегендиктен, коррупциялык көрүнүштөр бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0