Кыргызстандык жаран Хакасияда жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнү демилгелеп жатат

© МЧС РФ / Медиабанкка өтүүХакасиядагы өрттүн кесепети.
Хакасиядагы өрттүн кесепети. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Активист жабыр тарткан аймактарга жакын жашаган бардык кыргызстандыктарды Россиянын ӨКМсынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин алдында түзүлгөн волонтёрлук уюмдарга кирүүгө чакырды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жашоочусу Алишер Ташматов Хакасияда өрттөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн каражат топтоого чакырат. Бул тууралуу ал шейшембиде Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Ташматовдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өрттүн кесепетинен бир жарым миң турак үй өрттөнүп, жабыр тарткандардын саны беш миң адамга жетти. Алардын ичинде кош бойлуу аялдар, кичине балдар жана кары-картаңдар бар. Каза болгондор да жок эмес. 

"Баарыбыз чогулуп Россияда жабыр тарткандарга көмөк көрсөтөлү. Хакасияда жабыр тарткандарга жардам берүүгө чакырам" — деди ал. 

Хакасиянын эл артисти: Новокурск айылында кыргыздардын үйлөрү күйүп кетти
Активист жардам чогултуу тууралуу жарыяны социалдык түйүндөрдөн тапса боло тургандыгын, жана жардам топтоо боюнча биринчи пункт Бишкек шаарында ачылып, андан тышкары, социалдык, экономикалык, маданий программаларды колдоо боюнча Хакасиянын "Республика" коомдук фондунун эсептерине да акча которуулар кабыл алына баштаганын билдирди.

Ошондой эле ал жабыр тарткан аймактарга жакын жашаган бардык кыргызстандыктарды Россиянын ӨКМсынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук бирикмелердин алдында түзүлгөн волонтёрлук уюмдарга кирүүгө чакырат.

"Бүгүнкү күндө жүзгө жакын адам волонтёр катары кырсык болгон жерге барып жардам көрсөтүүгө даяр. Алардын баары ал жакка өз эсебинен барып, жайгашат", — дейт активист.

Ал Хакасияга жардамга барүүнү каалагандардын аталган республикада достук же туугандык байланыштары бар экендигин билдирди.

Ташматов катарында болгон активисттер 2013-жылдын августунда Приамурье жана Хабаровск областтарында суу каптоодон жабыр тарткандарга жардам топтоону уюштурушкан, ал эми Краснодарскидеги кырсыкка кабылгандарга 150 миң сомдон ашык акча чогултуп, ал каражатка активисттер чатырларды жана биринчи кезектеги зарыл буюмдарды сатып алып, россиялыктарга жөнөтүшкөн. 

Катуу шамалдын кесепетинен 12-апрелде Хакасияда өрт кооптуулугу күчөп, өзгөчө кырдаал киргизилген. 

Өрттү өчүрүү иштерине 1 миң 400дөн ашык адам жана 230 ашык техника катышып, андан тышкары, авиация жана өрт кызматынын үч поезди да тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0