Каржы министрлиги бала бакчаларга кошумча каражат таба албай турат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКаржы министрлиги бала бакчаларга кошумча каражат таба албай турат
Каржы министрлиги бала бакчаларга кошумча каражат таба албай турат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда мамлекеттин каражаты менен эмес, айылдыктардын мээнети менен курулган бала бакчалардын андан ары иштеп кетишине өкмөт каражат таап бере албай, алар чекесинен жабылып калууда.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев бала бакча тарбиячыларынын штатына азыр акча жок экендигин ЖКнын комитет жыйынында билдирди. 

Работа детского сада. Архивное фото. - Sputnik Кыргызстан
Арабөк калган бала бакчалар
ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында башкалардын колуна өтүп кеткен жана жаңы ачылып, бирок каржыланбай турган бала бакчалар маселеси кайрадан талкууга алынды. Комитет буга чейин аталган багытта чыккан токтомдун өкмөттүн аткарышы канааттандырарлык эмес деген баасын берди.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Азамат Абдыбековдун маалыматында, учурда 1544 бала бакча бар. Анын ичинде мамлекеттик деп эсептелгени 336, муниципалдык 916, менчикке өтүп кеткени 292. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, Башкы прокуратура тарабынан 54 бала бакча мамлекетке өткөн. Берилген тапшырмалар боюнча менчиктештирилип кеткендер доо арызынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча Адилет министрлигине тапшырма берилип, ал өкмөттүн аппаратына киргизилген.

Маданият, билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева кайтарылган бала бакчалардын бир катарында оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

"Мамлекеттин менчигине кайтарылган бала бакчалардын жалпы санынын ичинен 71и өз максатында иштеп жатат. Ал эми 18инде оңдоо иштери жүргүзүлүүдө", — деди Сариева. 

ЖК комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев Кемин районунун Бейшеке айылын мисал келтирип, айыл тургундары өздөрү салган бала бакчага 1 штатты чечип бере албай жатышканын айтты. Комитет жетекчиси Башкы прокуратуранын өкүлүнө кайрылып, бала бакчалардын бир тобун мамлекеттик мекемелер ээлеп алганын белгилеп, Башкы прокуратураны аларды кайтаруусу керектигин белгиледи.

Буга чейин ЖК депутаттары айыл өкмөттөрү каражат таап салган бала бакчаларды каржылоого бюджеттен каражат бөлүнбөй жабылып калганын бир нече ирет айтышкан. Ал эми бир катар депутаттар бала бакчалар жеке колго жана мамлекеттик башка мекемелердин карамагына өтүп кеткендигин, аларды кайтаруу зарылдыгын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0