Нурманбет айылында табылган эшектин эттери башка жакка ташылмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековНурманбет айылында табылган эшектин эттери башка жакка ташылмай болду
Нурманбет айылында табылган эшектин эттери башка жакка ташылмай болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Ата районунун башкы ветеринары эшектин эттери биотермикалык аңга мыйзамдуу ташталганын айтып, бирок жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам, эттер башка жакка ташыла турганын билдирди.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Нурманбет айылынан табылган эшектин этин башка жакка ташып кетүү чечими кабыл алынганын Ысык-Ата районунун башкы ветеринары Иса Касымалиев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди. 

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нурмамбет айылынын тургундары айылдын четинен желим баштыктарга оролгон жүздөй эшектин этин бейшемби күнү табышкан. 

Айыл тургундарынын айтымында, жергиликтүү бийлик элдин "этти башка жакка алып кеткиле" деген талабын аткарбастан, жума күнү эртең менен этти өртөшкөн. Бирок эт толугу менен күйүп кеткен эмес.

Касмалиеванын айтымында, эшектин эттери биотермикалык аңга беш күн мурда ташталган.

"Бардыгы мыйзамдуу болгон. Бул аң атайын малдын өлүктөрү үчүн жасалган. Бирок, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан улам, аны башка жакка ташып кетүү чечими кабыл алынды", — деди ал.

Нурмамбет айылынын тургундары табылган эшектин эттерин алып кетүүнү талап кылышууда
Айыл өкмөт башчысы Анарбек Ниязовдун айтымында, бул аң бодо мал үчүн ылайыкталган эмес.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, эшектин эттери Ысык-Ата районундагы башка аңга алып барып ыргытылат.

Буга чейин Ветеринария инспекциясы табылган 101 эшектин эти жок кылынганын билдирген болчу.

Быйыл февраль айынын аягында Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде эшек союлуп жатканы аныкталып, калк арасында бир топ чуу болгон. Эшектерди сойгон "Кайтал" ЖЧКсы бул эттер Гонконгдогу зоопарктарга жеткирилерин айтып ишендирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0