Жеңишти Рейхстагдан тоскон Тенти аксакал жана "Гестапонун үйүндөгү" глобус

Жазылуу
Биздин каарман Тенти Тамашаев Ысык-Көлдүн Түп районунан кан майданга 22 жашында аттанып, Сталинградды бошотууда катуу жарадар болгон. Кыргызстанга демобилизацияланып, бирок согушка кайрадан, экинчи ирет чакырылып, 9-майды Рейхстагдан тоскон.

БИШКЕК, 10-апр. – Sputnik. Жеңиштин 70 жылдыгына карата Москвада Кызыл Аянтта өтө турган парадга чакырылган Улуу Ата мекендик согуштун ардагери 94 жаштагы Тенти Тамашаев аксакал менен майрам алдында Sputnik маалымат сайтынын кабарчысы сүйлөшүп кайтты.

94 жаштагы Тенти Тамашаев согуштун илеби келген алгачкы күндөр туурасында айтып берди. Кан майданга чейин Долон айылында башталгыч класстарга кыргыз, орус тилинен сабак берип, пионер вожатыйлык милдетти да аткарган. Анан 22 жашында аскерге чакырылат. 

Чкалов шаарындагы кавалердик офицерлерди даярдоочу окуу жайында окуп, согушка чалгынчы катары кирген. 

"1944-жылдын 19-ноябрында Сталинград шаарын бошотуу үчүн ири чабуул болду. Фридрих Паулюстун аскерлерин курчоого алып, ар бир кадамыбыз өмүргө тете болуп, акырындап жыла баштадык. Ошондо майдандаштарым Сталинград үчүн боо-боо болуп курман болду. Мен бутумдан жаракат алып, операция жасалгандан кийин, алты айга эс алууга Кыргызстанга эки балдакчан келдим. 1944-жылдын августунда мени кайра чакырып, интендантская службага барасың дешти. Ошентип, Батышка экинчи ирет аттандым", — деп эскерди ал күндөрдү Тенти аксакал.

"Агамды согушка узатып, үч күндөн кийин өзүм да кеткем" 

"Согуштагы экинчи сапарым Варшавадан башталды. Берлинге да согуш менен кирдик. Түнү кирип баратканда асман "жарк" эле дей түштү, баамымда, бир миңдеген прожекторлор бир саамга жагылды да, ушундай күч менен атышуулар башталды. Рейхстагды штурмалоо биздин батальонго тапшырылыптыр, бул 1945-жылдын 30-апрели болчу. Эртеси 31инде камалоону улантып, Рейгстагга кирдик. 3-майда аскер башчысы Георгий Жуков келди, ошондо аны 5 метр жерден көрдүм. Оң колунун сөөмөйүн көтөрүп, "бул имарат фашисттик Германиянын очогу болгон" деди. 8-майда Подстамдык келишимге кол коюлду деп айтып калышты. Ал эми 9-Майда Жеңиш күнүн жарыя кылды, майрамдын урматына демонстрация уюштурулуп, парад болду. Рейхстагда 5-6 күн жатып, Берлинде 2-3 ай турдум да, июль айында Кыргызстанга кайтып келдим", — деди Тенти аксакал. 

Биздин каарман айылына келгенде гана согушта кеткен агасы Касымбектин кайтыш болгонун угат.

"Агамды согушка 6-декабрда узатып, мен андан үч күндөн кийин чакырылгам. Калининск облусундагы Великие Луки шаарында он сокку деген болгон, Касымбек ошол соккунун биринде окко учуптур. Мен согушта жүргөндө кара кагаз келген экен. Былтыр Москвада жашаган кызымдын баласы, неберем таятасынын каза болгон жерине барып, таап, курман болгондордун тизмесинде турат деп келди", — деп айтып берди Тамашаев.

"Гестапонун үйүндөгү" глобус

Тенти аксакал биз менен сүйлөшүп отуруп, мекенге болгон сагыныч аны ар бир кадам сайын коштоп жүргөнүн айтат. 

"Гестапонун үйү" деген Рейхстагдын маңдайындагы имаратта окуу классы бар экен, анын ичинен чоң глобусту көрүп, кызыгып, көз чаптырып калдым. Картада Волга эмес, Итиль (Эдиль) дарыясы деп белгилениптир, Урал дарыясы Жайык деп, ал эми Уралдан тарта Кытайга чейинки аймакты Киргизэн деп жазып коюптур. Бул мага абдан кызык жана жакын көрүндү", — деп айтып берди Тенти аксакал мындан 70 жыл мурдагы глобусту эстеп. 

Тенти аксакал согуштан кайтып келгенден кийин партиялык башкаруучу кызматтарда, андан кийин колхоздо он жылга жакын башкарма болуп иштеди. Азыр Тенти атанын 2 кызы, 4 уулу, 17 небереси, 33 чөбөрөсү бар. 

Учурда биздин каарман Жеңиштин 70 жылдыгына карата Москва шаарында болуучу салтанатка Кызыл Аянттан аскердик даярдыктагы жоокер катары эмес, ардактуу мейман катары бара жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0