23:22 18 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7961
  • EUR98.2024
  • RUB1.1914
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда эшектин союлушу чоң талкуу жаратты (23)
71 0 0

Ново-Покровка жана Сары-Жон айылдарынын ортосундагы аймакка желим баштыкка оролгон эшектин эттери ташталган. Аны жергиликтүү тургандар байкап калышкан.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка жана Сары-Жон айылдарынын ортосундагы аймакка желим баштыкка оролуп ташталган 101 эшектин эти 9-апрелде жергиликтүү тургундар тапкан. Эшектин эттери Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан ошол эле күнү биотермикалык аңга салынып жок кылынганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Быйыл февраль айынын аягында Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде эшек союлуп жатканы аныкталып, калк арасында бир топ чуу болгон. Эшектерди сойгон "Кайтал" ЖЧКсы бул эттер Гонконгдогу зоопарктарга жеткирилерин айтып ишендирген.

Жергиликтүү тургундар эшектин эттери кайсы жактан алынып келип ташталганын аныктап, муну жасагандар жоопко тартылышы керектигин айтышууда.

Тема:
Кыргызстанда эшектин союлушу чоң талкуу жаратты (23)
Белгилер:
Ысык-Ата, Сокулук району, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, эшек

ЭҢ МААНИЛҮҮ