Ата мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 киши чакырылган, учурда болгону 26 ардагер калды

© Sputnik / Табылды КадырбековАта мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 киши чакырылган, учурда болгону 26 ардагер калды
Ата мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 киши чакырылган, учурда болгону 26 ардагер калды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда аларды колдоо максатында түрдүү аракеттер көрүлүүдө.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кан майданга Ош шаарынан 14 621 адам чакырылып, анын 3 627си курман болуп, 618 жоокер жарадар болгон. Учурда шаарда Улуу Ата мекендик согуштун 26 ардагери жана 54 ооруктун катышуучусу калган. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ардагерлерди колдоо максатында Ош шаардык мэриясынын аппаратынын кызматкерлери бир күндүк айлыгын ардагерлерге которушту.

"Биздин бул салымыбыз Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун каармандарына болгон урмат-сыйыбыз, алардын эрдигине, күжүрмөн эмгегине атуулдук ыраазычылыгыбыз болмокчу", — деп айтылат мэрия тараткан билдирүүдө.

Мэриянын аппараты башка эмгек жамааттарын да согуштун ардагерлерине камкордукка салым кошууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0