Атактуу "Улитка" кафеси ишкердик борбор куруу үчүн сатыкка коюлду

© Sputnik / Табылды КадырбековАтактуу "Улитка" кафеси ишкердик борбор куруу үчүн сатыкка коюлду
Атактуу Улитка кафеси ишкердик борбор куруу үчүн сатыкка коюлду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернетте "Улитка" кафеси Шаардык курулуш кеңешинен өткөн ишкердик борборун куруу үчүн жер аянты менен кошо сатыла тургандыгы тууралуу жарыя пайда болду. Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгы долбоор бекитилбегендигин билдирди.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. "Улитка" кафесинин жеринде объкет куруу жөнүндө документтер бектилген эмес деп билдирди Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгынын адиси. Ал эми "Кыргызреставрациясынын" окумуштуусу аталган имарат корук алдындагы аймакта жайгашканын жана жергиликтүү маанидеги эстелик болуп эсептеле тургандыгын айтты. 

Популярдуу интернет-ресурсунда шаардын борборунда бардык бишкектиктерге белигилүү, эл арасында "Үлүл" аталып калган бөтөнчө курулуш жайгашкан жер аянты сатылат деген жарыя пайда болгон.

"Айчүрөк" БСДнын түндүгүндө орун алган "Улитка" кафесин 15,5 миң чарчы метр жер аянты менен сатам. Жер аянты убактылуу ижарага пайдалануу шарты менен 49 жылга берилген жана соода-тейлөө объектин долбоорлоп куруу каралган. Шаардык курулуш кеңешинен өткөн даяр долбоору бар. Баасы 1,5 миллион доллар", — деп айтылат жарыяда.

Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгынын Эстеликтерди илимий техникалык камсыздандыруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Замира Кангелдиева ведомствонун архивинде аталган курулуштун бекитилген долбоору бар экендигин ырастай турган документ жоктугун билдирди. 

"Бул долбоор иштеп чыгуу же макулдаштыруу баскычында болсо керек деп ойлойм. Бизде шаардагы бардык объекттердин бекитилген документтери сакталат, ал эми "Улитка" кафесинин аймагында курулуш боюнча документтер жок", — деди Кангелдиева.

Атактуу кафени сатуу алар үчүн жаңылык болду жана мындай кадам таң калычтуу деп белгиледи адис. 

Ошондой эле бөлүм башчысы сатуучунун байланыш маалыматын билиш үчүн аталган жарыя кайда чыкканын сурады. 

"Кыргызреставрация" ИИДИнин директору Жумамедел Иманкулов аталган имарат корук алдындагы аймакта жайгашканын жана жергиликтүү маанидеги эстелик экендигин белгиледи. 

"Жакында эле бизге "Улитка" кафеси турган жерге 10 кабат ишкердик борборун куруу долбоорун баалоого алып келишкен. Бирок биздин ведомство аталган жер аянтында курулуш жүргүзбөөнү кеңеш кылган. Ал эми Маданият министрлиги корук алдындагы аянтта имарат курууга уруксат берүүдөн баш тарткан", — деп кошумчалады Иманкулов.

Окумуштуунун айтымында, бөтөнчө түзүлүштөгү эстеликтин автору болуп белгилүү архитектор Рафгат Мухамадиев эсептелет. Өкмөт үйүнүн, башкача айтканда, "Ак үйдүн" имараты да анын чебер колдорунун эмгеги.

Жаңылыктар түрмөгү
0