Ноокендин Арал айылында Улуу Жеңишти утурлай сакура тигилди

© Фото / Константин КонкинНоокендин Арал айылында Улуу Жеңишти утурлай сакура тигилди.
Ноокендин Арал айылында Улуу Жеңишти утурлай сакура тигилди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймагында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын урматына тургузулган эстеликтерди оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү, айланасын жашылдандыруу иштери массалык түрдө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Кыргызстандын аймактарындагы согуштун катышуучуларынын элесине арналып тургузулган монументтерди, айкелдерди оңдоп-түзөп, жаңыртып, ал тургай, жаңыдан тургузуу иштери жүрүп жатат. Андан сырткары, 70 жылдык маарекени утурлай, 70 түп бак-дарак көчөтүн отургузуу саамалыгы жанданды.

Мындай иш-чаралар жакында Ноокен районунун аймагында өткөрүлүп, тогуз айыл өкмөтүн камтыды. Согуштун катышуучуларына эстелик тургузула элек Арал айылында быйыл стелла орнотуп, келерки жылы айкел тургузуу пландалууда. Анткен менен, аралдыктар быйыл улуу Жеңиш үчүн курман болгондордун элесине арнап, сакура баштаган 70 түп арча, жаңгак көчөттөрүн тигишкен. 

"Биздин айылда азыр согуштун бир да катышуучу калган жок, 5 айылда ооруктун бир гана ардагери бар. Согуштан кайтпай калгандардын жана элине келип, кийин көзү өтүп кеткен аталарыбыздын жаркын элесине арнап быйыл, сакура баштаган 70 түп бак-дарак отургуздук. Ал майдын башында, ушул майрамга карата гүлдөйт экен", — деди Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Абдыкадыров.

Ал эми Кадамжай районунун Марпаз айыл өкмөтүнүн жетекчиси Махатмуса Алимбеков өзүнүн айылында да быйыл 70 жылдыкка карата эстеликтердин айлана-тегерегин тазалап, жаңылоо жана көчөттөрдү тигүү иш-чарасы кеңири жүрүп жаткандыгын айтып берди.

"Өтүп кеткен согуштун ардагерлеринин аты-жөнү жазылган мрамор таштардын жазуусун жаңылап, айлана-тегеректи иретке келтирип, Тянь-Шань карагайларын, арчаларды, жемиш-бактарын тигип, башка дарактардын түбүн жумшартуу иштерин жасадык. Буга жалпы эл, айылдык кеңештин депутаттары, ал тургай, мектеп окуучулары, айылдагы лицейден билим алган балдар да кол кабыш кылды", — деп айтып берди Алимбеков.

Аталган айылдагы согуштун жалгыз эле калган катышуусунун көзү жакында өтүп кетиптир. Ал эми оорукта калып эмгек кылгандардын саны 14.

Жаңылыктар түрмөгү
0