Муфтий Токтомушев Катардын Ислам жана Вакуф иштери боюнча министри менен жолукту

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүМуфтий Токтомушев Катардын Ислам жана Вакуф иштери боюнча министри менен жолукту
Муфтий Токтомушев Катардын Ислам жана Вакуф иштери боюнча министри менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР муфтийи Катардын Ислам жана Вакуф иштери боюнча министри менен бүгүнкү күндө дин кызматкерлеринин билим деңгээлин көтөрүүгө көңүл буруу зарылдыгын сүйлөштү.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Максат ажы Токтомушев Катар шаарында Ислам жана Вакуф иштери боюнча министр Гайс бен Мубарак аль-Кауари менен жолугуп, диний тармактагы кызматташууну талкуулады. 

Алар эки тараптуу диний кызматташтыкты жакшыртуу жаатында пикир алышып, бүгүнкү күндө дин кызматкерлеринин билим деңгээлин көтөрүүгө көңүл буруу зарылдыгын айтышты. 

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында аткарылып жаткан иштер, 2014-2020-жылдарга КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы туурасында айтып берди.

"Чыныгы ислам экстремизм, радикализм түшүнүктөрүнөн алыс дин. Ислам дини ар бир жаранды бактылуу болууга, жакшы жашоого үндөйт", — деди министр Гайс бен Мубарак аль-Кауари.

Жолугушуунун акырында муфтий Максатбек ажы Токтомушев Катар мамлекетинин Ислам жана Вакуф иштери боюнча министри Гайс бен Мубарак аль-Кауари мырзаны Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0