Аксыда каза болгондорду эскерүү үчүн бюджеттен 100 миң сом бөлүнөт

Жазылуу
Эксперттер тарабынан "Акаевдик режимдин кулашынын башталашы" катары эсептелген окуяларды эскерүү үчүн өкмөт 100 миң сом бөлөт.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болгон кандуу окуялардын курмандыгын эскерүү үчүн өкмөт 100 миң сом бөлө турганын КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксы окуясы элдин аң-сезиминде революция жасаган чечүүчү учур болду
Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду.

Эксперттер тарабынан "Акаевдик режимдин кулашынын башталашы" катары эсептелген окуя 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун Боспиек айылында болгон. Ошол убактагы бийликтин өзүм билемдигине каршы чыккан элге курал колдонулуп, анын кесепетинен алты киши өлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0