03:20 18 Баш оона 2017
Түз эфир
Балдар. Архив

Кыргызстанда 10 миңден ашык бала ата-энелердин камкордугунда эместиги аныкталды

© Sputnik / Илья Питалев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
6311

Социалдык өнүктүрүү министрлиги ички мигранттардын балдардын биринчи жолу эсебин алды. Анын жыйынтыгында 15,2 миң баланын 10 миңден ашууну ата-энелердин камкордугунан сырткары калгангы аныкталган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Социалдык өнүктүрүү министрлиги ички мигранттардын үй-бүлөсүндө жашы жете элек 15 275 бала бар экенин аныктаганын министрликтин маалымат катчысы Марина Гречанная билдирди.

Министрлик ички мигранттардын балдары боюнча статистиканы биринчи ирет чыгарды. Балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн штабдар ата-энелердин көңүлүнүн сыртынан калган 10 миң 427 бала бар экендигин аныкташкан.

"Ошондой эле көзөмөлсүз жана кароосуз калган 6 миң бала аныкталды. Алардын 5 324тү мектепке барбайт. Ал эми дагы 997 бала иштеп жүрөт", — дейт Гречанная. 

Социалдык өнүктүрүү министрлиги балдарга карата зомбулук азайганын белгилеп, бүгүнкү күнү алардын саны көбөйбөстөн, зомбулуктун бетин ачуу арбып жатканын кошумчалады.

Белгилер:
балдар, зомбулук, мигранттар, Социалдык өнүгүү министрлиги

ЭҢ МААНИЛҮҮ