Мечит, медреселерге жана министрликтердин менчигине айланган бала бакчалар

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда республика боюнча 478 бала бакча ар башка багыттарда колдонулуп жатат.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Мурдагы бала бакчанын 478 имараты кезегинде министрлик менен ведомстволорго, диний уюмдарга берилип кетип, учурда ар кандай максатта колдонулуп жатат. Бул туурасында ЖК депутаты Абдыжапар Бекматов Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Бала. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Бакча ачылды, бирок балдарды кабыл албайт деп нааразы болууда көлдүктөр
Учурда Башкы прокуратура 3-4 жыл ичинде жеке тараптардын колуна өтүп кеткен 54 бала бакчаны мектепке чейинки тарбия берүү, тактап айтканда, өзүнүн максаты боюнча иштетүүгө кайтарганы менен, жүздөгөн бала бакча имараттары башка колдордо калууда. 

Эл өкүлү ЖК тапшырмасы боюнча бала бакчалар кайтарылгандыгын айтып, бирок, учурда республика боюнча 478 бала бакча ар башка багыттарда колдонулуп жаткандыгын айтты.

"Алардын 98и мамлекеттин менчигине, 171и муниципалдык менчикке берилип кетсе, анын ичинен 12си медресе менен мечитке айланган. Жеке менчикке 209у чыгып кеткен", — деди Бекматов.

Анын айтымында, ИИМдин бир катар шаарлардагы башкармалыктары, соттор бала бакчалардын имараттарында отурат, андан сырткары, ФАП, мектеп ж.б. жайларга айланып кеткендери да кездешет.

"ИИМдин ар түрдүү деңгээлдеги бөлүмдөрү, башкармалыктары, соттор, салык кызматынын, социалдык өнүктүрүү министрлигинин, УКМКнын, прокуратуранын жана диний уюмдардын ээлеп алган фактылары бар. Учурда кээ бир бала бакчада бир тайпадагы балдардын саны 50ге чейин жетет, анан ал жерде билим, тарбия сапаты кандай болот? Мен алардан бала бакчаларды кайра кайтарып беришин суранат элем", — деди Бегматов. 

Работа детского сада. Архивное фото. - Sputnik Кыргызстан
Арабөк калган бала бакчалар
Учурда өлкө боюнча мамлекеттин менчигинде турган 227, муниципалдык 667 жана менчик 36, бардыгы болуп мектепке чейинки билим берүүчү 930 мекеме иштеп жатат. 

Кыргызстанда жаңы бала бакча курууга мамлекеттик бюджеттен каражат дээрлик бөлүнбөй келет, а бирок башка булактардын эсебинен бала бакчаларды куруу жүрүп жатат. Мамлекет аларды каржылоого бюджеттен каражат карай албагандыктан, бир катарлары ачылбай жатып эле жабылууда.

Ысык-Көл районун Темир айыл өкмөтүнө караштуу Кашат айылындагы 120 орундук бала бакчанын ата-энелер комитетинин өкүлдөрү өкмөт өзү курбаса да, жок дегенде, даяр жайда иштей турган тарбиячыларга айлык акы төлөп бере албай жаткандыгын айтып күйүп-бышкан.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча жаңы 9 бала бакча ачылып,  акча төлөнбөгөндүктөн, четинен жабыла баштаган. Бир жыл иштегенден кийин каражаттын айынан ишин токтоткон 75 орундуу бала бакчанын жетекчиси Урматхан Авилова, аргасыз абалда калганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0