"Газпром Кыргызстан" келишимдерди кайра түзүү мөөнөтүн майдын аягына чейин узартты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Газпром Кыргызстан" келишимдерди кайра түзүү мөөнөтүн майдын аягына чейин узартты
Газпром Кыргызстан келишимдерди кайра түзүү мөөнөтүн майдын аягына чейин узартты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишимдерди кайра түзүү "Кыргызгаз" ААК "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын менчигине өткөндүгүнө байланышкан. Абоненттер келишимдерди өткөн жылдын 31-декабрына чейин кайра түзүүлөрү зарыл болчу, бирок нааразылыктардын себебинен бул процесс алгач 1-мартка чейин, андан соң 31-майга чейин узартылган.

"Газпром" Кыргызстандын 60% аймагын газ менен камсыз кылат
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ЖЧК табигый газ берүү боюнча абоненттер менен келишимдерди кайра түзүү мөөнөтүн дагы эки айга узартты деп билдирет компаниянын маалымат кызматы.

"Кыргызгаз" ААК "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу келишимдерди кайра түзүү иштери башталат. Абоненттер келишимдерди өткөн жылдын 31-декабрына чейин кайра түзүүлөрү зарыл болчу, бирок нааразылыктардын себебинен бул процесс алгач 1-мартка чейин, андан соң 31-майга чейин узартылган.

Келишим табигый газ берүү боюнча тараптарды мамилелерин жөнгө салуу, сатуу менен керектөөчүнүн укук-милдеттерин аныктоо, газдын сарпталышын эсепке алуу жана эсептешүү максатында түзүлөт. Жаңы келишимдерде акы өз убагында төлөнбөгөнү үчүн айып 0,5 пайыздан 0,1 пайызга түшүрүлгөн.

"Кыргызгаз" ААКнын керектөөчүлөрү менен түзүлгөн мурдагы келишим жыл сайын өзүнөн өзү узартылып келген. Менчик ээси алмашкандан кийин, "Газпром Кыргызстан" ЖЧК менен кайра келишим түзүү зарылчылыгы келип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0