Ата мекендик согуштун жоокерлеринин эстелигин оңдоого насыя алган кишиге жардам беришүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековАта мекендик согуштун жоокерлеринин эстелигин оңдоого насыя алган кишиге жардам беришүүдө
Ата мекендик согуштун жоокерлеринин эстелигин оңдоого насыя алган кишиге жардам беришүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн түштүгүндө жашаган жарандын байланыш телефондорун сурап кайрылгандар болууда. Алардын көбү Рашит Гизатулинге материалдык жактан жардам берүүгө даяр экенин айтышууда.

Чаткалдык Рашит кредит алып Улуу Ата мекендик согуштун жоокерлеринин эстелигин жаңыртты - Sputnik Кыргызстан
Чаткалдык Рашит кредит алып Улуу Ата мекендик согуштун жоокерлеринин эстелигин жаңыртты
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун тургуну Рашит Гизатулиндин насыя алып Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына тургузулган эстеликти оңдоо аракети көпчүлүк окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынды.

Буга чейин аталган райондун Шекафтар айылынын тургуну Ата мекендик согуштун катышуучулары үчүн тургузулган эстеликти оңдоо максатында 95 миң сом насыя алганы кабарланган эле.

Sputnik Кыргызстан сайтынын редакциясына окурмандар чалып, Гизатулиндин баштаган аракетин колдой тургандыктарын айтып, ага ыраазычылыгын билдиришүүдө.

Алар Рашит Гизатулиндин байланыш телефондорун сурашып, кээси материалдык жактан жардам берүүгө даяр экендиктерин айтышты. Себеби, анын алган насыясы эстеликти толук оңдоого жетпейт.

Россиянын Москва шаарында жашаган аскер дарыгери Александр Маньшин Гизатулинге жардам берүүнү чечти.

"Силердин материалдын каарманы Жалал-Абаддын тургуну Рашит Гизатулиндин дарегин берүүнү суранам. Ага эстеликти оңдоо үчүн каражат салып жиберет элем", — деп жазат Маньшин. 

Ошондой эле, Советтик жоокерлердин жаркын элесине эстелик тургузуу үчүн уюн саткан Ысык-Көл облусунун тургуну Таалайбек Боромбаевдин аракетин колдоп, ага да ыраазычылык билдирип кат жазган окурмандар көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0