Йемендеги кагылышууларда курман болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

© REUTERS / StringerЙемендеги кагылышууларда курман болгондордун арасында кыргызстандыктар жок
Йемендеги кагылышууларда курман болгондордун арасында кыргызстандыктар жок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент тарабындагы аскерлер менен хуситтерди колдогон күчтөрдүн ортосунда кагылышуу жүрүп жаткан Йемен аймагында Кыргызстандын 16 жараны бар. КРдин ТИМинин маалыматы боюнча, кыргызстандыктардын арасында курман болгондондор жок.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Йемендеги кагылышууда курман болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок деп билдирди КРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы.

Йеменде саясий каатчылыктын алкагында акыркы кездери абал курчуду. Өлкөнүн түштүгүндө "Аравия жарым аралындагы Аль-Каида" тобу иш алып барып, мамлекеттин борборунда президентти жактоочу аскерлер менен хуситтерди колдоочу күчтөрдүн ортосунда кагылышуу жүрүп жатат. 

ТИМдин билдирүүсүнө ылайык, Йеменде кырдаалга көз салып, токтоосуз иш-чараларды көрүү үчүн тынымсыз байланыш уюштурулуп, жумушчу топ түзүлгөн. Министрлик Кыргыз Республикасынын Сауд Аравиясындагы элчилик менен биргеликте Йеменде турган биздин жарандар менен үзгүлтүксүз байланышып жатат. 

Азыр Йеменде Кыргызстандын 16 жараны бар, алардын бири гана Сана шаарында жашайт жана өлкөдөн чыгып кетүүгө ниеттенүүдө. 

Мындан сырткары, министрлик өлкөдөн дагы бир жаранды чакырып алуу маселесин чечип жатат. Кыргызстандын калган жарандары башка провинцияларда, согуш аракеттери жүрүп жаткан жерден алыс (500-600 чакырым аралыкта) турушат жана Йеменден кетүүнү каалашпайт. Кыргызстандын жарандарынын арасында курман болгондор жок. 

Йемен Республикасында аскердик-саясий абал мындан ары курчуп кете турган болсо, биздин бардык жарандарды өлкөдөн чыгарып кетүү жолдору каралып жатат деп кошумчалашты дипломатиялык ведомстводон.

Жаңылыктар түрмөгү
0