Ажылык-2015: зыяратчыларды Сауд Аравиясынын "Флай Нас" компаниясы ташымакчы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүНамаз. Архивное фото
Намаз. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясынын мамлекеттик "Флай Нас" компаниясы Кыргызстандык зыяратчыларды ташуу боюнча жарыяланган тендерди утуп алды.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Ажылык сапарга бара турган кыргызстандык зыяратчыларды тендерди утуп алган Сауд Аравиясынын "Флай Нас" деп аталган мамлекеттик авиакомпаниясы ташый турган болду. Бул туурасында Кыргызстан дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

Ракиевдин айтымында, тендерди жеңип алган "Флай Нас" зыяратчыларды 1500 доллардан ташый турган болду. Анын бардык документтери тендердин талаптарына жооп берген.

"Тендерге катышууга Сауд Аравиясынын "Флай нас" жана жергиликтүү "Манас эйр" авиакомпанияларынан арыз түшкөн. Кыргызстандык авиакомпаниясынын документтери толук болбой жана талапка туура келбегендиктен, комиссия документтеринен кемчилик жок болгон Сауд Аравиясынын мамлекеттик компаниясын ыйгарды", — деди Ракиев.

Ажылык сапардын баасы кымбаттары туурасында муфтийдин орун басары так жооп айта алган жок.

"Башкысы жолдун баасы чечилди, эми мейманкаларды сүйлөшүп баштайбыз. Сауд Аравиясынын талабы боюнча мамлекеттик ресторандар менен келишим түзүп, элди ошол жактан тамактандыра тургандай шарттагы документтерди даярдайбыз", — деп кошумчалады Ракиев.

Ажылык сапар былтыр 2400 доллардан болгон. 2015-жылы Кыргызстанга Сауд Аравиясы 3685 адамга квота берди. Муфтияттан ажылык сапарга бара тургандарды учактар августтун аягы сентябрдын башы менен ташып баштаарын билдиришти.

Тендердик комиссия ажыга баргандарды ташый турган компаниялардын документин 19-мартта карап чыгып, тиешелүү талаптарга жооп бербегендиктен, кагаздарын толуктоого дагы бир апта мөөнөт берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0