"Ата-Бейитке" 900 дарак отургузулду

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАта-Бейит. Архив
Ата-Бейит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине кеткен жолго 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун урматына тогуз жүз Тянь-Шань карагайы менен кайыңдар отургузулду.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине кеткен жолго 900 дарак отургузулду деп билдирди КСДПнын маалымат кызматы.

Дарактарды аталган фракциянын депутаттары, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери отургузду. Аллеяга тигилген дарактардын 450ү Тянь-Шань карагайы, калганы кайыңдар. 

Маалымат кызматынан дарактар апрель ыңкылабынын беш жылдыгына карата отургузулгандыгын билдиришти. Окуя учурунда 77 киши курман болуп, алардын бир тобу "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0